Президент Эрдоган Элазыг жана Малатияга барды
Президент Эрдоган өлкөдөгү аймактарды кыдыруусун баштады.
675404
![Президент Эрдоган Элазыг жана Малатияга барды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/43d3/387e/b8de/58a9361870db8.jpg?time=1718732915)
Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Элазыг жана Малатияга барды.
Элге кайрылган Президент: «АК Партия, МХП, ЖХП, ал эмес ХДПга көңүлүн берген туугандарым келгиле биригели»,-деп айтты.
«Режим өзгөртүүсү» деген сындоолорго да жооп берген Эрдоган: «Республикабыз түбөлүккө жашайт»,-деди.
Президент Эрдоган Малатияда 2-Армиянын командирлигине да барды.
Кире бериште өзүн күткөн атуулдарга салам берген Эрдоганды 2-Армиянын командири, герерал лейтенант Исмаил Метин тосуп алды.
Темел, президент Эрдоганга бетинде 2-Армия командирлиги жазуусу бар табак белек кылды.
Бул жерде ардак дептерине кол койгон Эрдоган, Малатиядагы жолугушууларын бүтүрүп Анкарага кайтты.