Эл Бабдан кийин эки алдыңкы планыбыз бар

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, Сириянын Эл Баб аймагынын толугу менен курчалганын айтты.

673943
Эл Бабдан кийин эки алдыңкы планыбыз бар

НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйналыштары үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Фикри Ышык журналисттерге маалымат берди. Фикри Ышык, Эл Бабдын борборунун тазаланышы үчүн тыкыс иш-аракет кылынып жатканын жана мунун Эркин Сирия армиясы менен бирге жасалганын белгилеп кетти.

Эл Баб толугу менен тазалангандан кийин жашоо турмуштун нормалдашуусу күтүлгөнүн айткан Ышык, Эл Бабдан кийин Мүнбичтеги жикчил террор уюму ПЙД/ПКК элементтеринин толугу менен чегинишин каалагандарын айтты.

Ышык: «Бул жерде АКШ менен иштешип жатабыз. Кааланган жыйынтыкты ушул убакка дейре ала алган жокпуз. Эл Баб операциясынан кийин эки алдыңкы планыбыз бар. Бирөө Мүнбич, экинчиси Ракка. Мүнбичте ПККнын болушун кабыл албайбыз. Бул максатты аткаруу темасында чечкиндүүбүз»,-деди.

АКШнын Ракка операциясына маани бергендерин белгилеген Ышык, Түркиянын алдыңкы планынын бул операциянын жаңылыш актерлор менен жасалбашы экендигин баса белгиледи.

Бир террор уюмуна каршы башка бир террор уюмунун колдонулушунун апаатка себепчи боло турганына көңүл бурган коргоо министри, «Операциянын ийгиликтүү болушун кааласаңыз, Ракка операциясын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен эмес, араб элементтери менен жасалышы керек. Менин көргөнүм АКШ бул темада так чечимин чыгара элек, бул ишти ПЙД менен гана кылабыз деген жерде да эмес»,-деп айтты.

Фикри Ышык АКШнын башкы штаб төрагасы Жосеф Данфорддун эртең Анкарага келе турганын да билдирди.

Ышык, Фетуллахчы террор уюму жана ПЙД темасында Трамп башкаруучулугунун турушунун Обама бийлиги менен бирдей деп ойлобогонун белгилеп: «Мындан кийинки мамилелери биргелешип иштөөнүн жүрүшүнө жараша формаланат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар