Үч мүнөттүн ичинде виза алуу

Электрондук визага кайрылган чет элдик жарандардын саны өстү

658830
Үч мүнөттүн ичинде виза алуу

Түркияда акыркы 4 жылда 16,2 миллион чет элдик жаран 3 мүнөттүн ичинде Түркия визасын алды.

Тышкы иштер министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, чек ара бекеттеринде жүргүзүлгөн «стример» визасынын ордуна 2013-жылдын 17-апрелинен тарта электрондук виза киргизилди.

Электрондук визага кайрылуу системасы (e-Vize)  күчүнө кирген 2013-жылдын 17-апрелинен 2017-жылдын 1-январына чейинки мезгилде 18 миллион 452 миң 733 чет элдик турист электрондук визага кайрылды. Алардын 16 миллион 199 миң 968и виза алды.

Эң көп виза алган өлкө 4,6 миллион менен Англия болсо, андан кийин 2 миллион менен Ирак, 1,8 миллион менен Нидерландия жана 938 миң менен Бельгия турат.

Орто эсеп менен 831 миң менен Польша, 755 миң менен АКШ, 684 миң менен Сауд Арабстан, 593 миң менен Норвегия, 523 миң менен Австрия жана 501 миң менен да Кытай эң көп e-виза алган берки өлкөлөр болду.

Электрондук визага кайрылуу баракчасы www.evisa.gov.tr 9 тилде кызмат көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар