Түрк аба жолу Морган Фримен менен келишти

Түрк аба жолдору марканын жүзү катары белгилүү актер Морган Фримен менен келишти

655842
Түрк аба жолу Морган Фримен менен келишти

Түрк аба жолдору марканын жүзү катары белгилүү актер Морган Фримен менен келишти.

Кесиби учкуч болгон белгилүү актер менен АКШнын Лос Анжелес шаарында тартылган реклама филими 800 миллион киши көргөн 5 -  февралдагы Супер Боул финалында жарыяланат.

Америкадагы учуу желесин кеңейтүүнү уланткан улуттук аба жолу өткөн жылы ачкан Атланта жолу менен учуу жер санын тогузга жеткирди.

Берүү укуктары УЕФА чемпиондор лигасынын финалынан эки эсе дагы баалуу болгон, NBA финалынан да дагы көп көрүлгөн Супер Боулду өткөн жылы 800 миллион киши көргөн.

Түрк аба жолу бул жылы 5 - февралдагы беттешүүдө АКШнын калкынын 45 пайызына жетүүнү максат кылууда. Актер жана ошол эле учурда кесиби учкуч болгон Морган Фримен 1987 – жылы биринчи Оскар сыйлыгын « Street Smart» киносу менен алган. Ушул кезге чейин 1989 – жылы «Driving Miss Daisy», 1994 -  жылы «Туткундуктун бедели» жана 2004 – жылы да «Million Dollar Baby»  кинолору менен сыйлыктарга жетишкен Фримен ошол эле учурда режиссер жана продюссерликти аркалап келет.



Тектеш кабарлар