Парламентте Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн 2-айлампа сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде экинчи айлампанын алгачкы күнкү иштери кечээ аяктады.

654660
Парламентте Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн 2-айлампа сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Жаңы Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушун мыйзамдаштыруулар кадам-кадам аяктап баратат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде экинчи айлампанын алгачкы күнкү иштери кечээ аяктады.

Сунуштун алгачкы 7 беренеси Парламенттин Жалпы кеңешинен өттү.

18 беренелик сунуш менен ар бир берене үчүн эл өкүлдөрү жашыруун добуш беришти.

Жалгыз гана беренелер тууралуу сунуштар үчүн сөз сүйлөөлөр жасалды.

Соттун көз карандысыздыгына тарапсыздык беренсин кошкон 1-берене түзөтүүсү 345 добуш менен кабыл алынды.

Сунуштун 2,3,4,5 жана 6-беренелери 342ден добуш менен Жалпы кеңештен өттү.

2-берене эл өкүлдөрдүн санын 550дөн 600гө чыгарса, 3-берене шайлануу жашын 18ге түшүрөт.

4-берененин түзөтүүсү болсо шайлоо күндөрүнө байланыштуу...

Бул беренеге ылайык, Эл өкүлдөрүн шайлоо менен Президенттик шайлоо 5 жылда бир ошол күндө өткөрүлөт.

5чи жана 6-беренелер Парламенттин кызмат жана ыйгарым укуктарын кайрадан жөнгө салат.

Парламенттин кабинетти текшерүү жолдорунан бири болгон кызматты кыянаттыкка колдонуу, Конституциядан чыгарылат.

6-беренени добушка салуу талаш туудургандыктан добушка салуу кайра өткөрүлдү.

Бул берене да элдик добушка салуу чеги болгон 330дан ашты.

340 кабыл добушун алган 7-берене Президенттикке талапкерлик үчүн шарттарды белгилейт.

Лидерлер да Жалпы кеңештеги добушка салууларга катышып жатышты...

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Республикачыл элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели да өз добуштарын беришти.

330дан төмөн добуш алган берене болсо, сунуштан чыгартылат.

2-айлампа сүйлөшүүлөрүнүн бүгүн бүтүрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар