Президент Р. Т. Эрдоган Измирдеги кол салууну айыптады

Президент Эрдоган : «Бул кол салуулар биздин биримдигибизди дагы да күчтөндүрүүдө»

645847
Президент Р. Т. Эрдоган Измирдеги кол салууну айыптады

Президент Р. Т. Эрдоган социалдык бөлүшүү сайты твиттерден берген маалыматында террорго эч качан уруксаттын берилбей тургандыгын баса белгилеп : «Бул кол салуулар биздин биримдигибизди дагы да күчтөндүрүүдө» ,- деди. Кол салууда шейит болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалады.

Премьер – министр Бинали Йылдырым да кол салуудан улам жарыялаган билдирүүсүндө коомдук тынчтыкты бутага алган кол салууну айыптагандыгын билдирди. Түркиянын биримдик жана ишеним менен бул кыйын күндөрдү өткөрөрүн белгилеген премьер – министр : «Моюн сунбай тургандыгыбызды террорчулар билиши керек»,- деди.

Премьер – министр Бинали Йылдырым, ички иштер министри Сүлейман Сойлу жана саламаттык сактоо министри Режеп Акдаг менен барган Измирдеги Аднан Мендерес аэропортунда журналисттерге берген маалыматында да кол салуунун жикчил террордук уюм ПКК тарабынан пландалгандыгын жана абдан чоң өлчөмдө экендигин белгилеп : «Калкыбыз, измирдиктер билиши керек, бул өлкөнү бөлүп – жарууну каалаган, бул элдин биримдигин бузууну каалаган ким болсо болсун эч качан ийгиликтүү боло албайт»,- деди.  Бинали Йылдырым : «Кол салуулардын бирөөсүн ДЕАШ, бирөөсүн ПКК аткарып жатат. ФЕТӨ да ушул жолдо баратат. Бул айласы жоктуктун иши. Бул узун убакытка созула турган күрөш, бирок бул күрөштүн жеңүүчүсү Түркия республикасы болот», деди.



Тектеш кабарлар