Стамбулдагы кол салуу өлкө ичинде катуу айыпталды

39 киши каза болгон 65 киши жараланган Стамбулдагы кол салууну өлкө ичиндеги бардык министр жана мекемелер айыптап жатышат.

642255
Стамбулдагы кол салуу өлкө ичинде катуу айыпталды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрага милдетин аткаруучу Акиф Хамзачеби, Стамбулда 39 киши каза болгон террордук кол салуу тууралуу, «Бул азаны бардыгыбыз чогуу күтсөк террорду жеңип чыгабыз»,-деди.

Кол салуу болгон көңүл ачуучу жерге келген Хамзачеби, «Бул террордук окуя соңуна чыгышын тилеймин. Бул террорго көнбөшүбүз керек. Биз коомчулук катары тик бутубузда туралы. Мындай окуя бүтүндөй коомчулукту бириктириши керек. Бул азаны бардыгыбыз күтүшүбүз керек. Бул азаны бардыгыбыз күтсөк террорду жеңип чыгабыз»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да расмий твиттер барагындагы бөлүшүүсүндө, «Стамбулдагы мыкаачылык террор кол салуусунда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилеймин. Террордун бутасы ынтымагыбызды бузууга багытталууда»,-деп жазды.

Адилет министри Бекир Боздаг, Стамбулдагы террордук кол салуу тууралуу эч бир террордук кол салуунун Түркиянын террор менен таасирдүү күрөшүүсүн зыянга учурата албай турганын билдирди.

Боздаг террордук кол салуу болгондон кийин твиттер эсебинен жазуу түрүндөгү жарыясында кол салууда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жакындарынын кайрат кылышын жана жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи.

Боздаг буларды жазды: «Стамбулдагы мыкаачылык террор кол салуусун кылган террористке, кол салуу буйругун бергендерге жана кол салууга жардам бергендерге наалат айтамын. Бул Түркиябызга, ынтымагыбызга, биримдигибизге, туугандыгыбызга жана бардыгыбызга каршы жасалган мыкаачылык террор кол салуусу. Эч бир торрордук кол салуу биздин ынтымагыбызды буза албайт, туугандыгыбызды жок кыла албайт, Түркиянын террор менен таасирдүү күрөшүүсүн зыянга учурата албайт. Террордун тамырын жулуш үчүн Түркия, мындан мурда болгону сыяктуу мындан кийин да чечкиндүү жана таасирдүү күрөшүүсүн улантып, террорду соңуна чыгарат».

Транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Ахмет Арслан да Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда иштеп жаткандар менен жолукканы барганда, «Стамбулдагы террор окуясы, террордун ыпылас, канкор, арсыз жүзүн бул кечте дагы бир жолу көрсөттү»,-деди.

Түркиянын 79 миллион калкы менен 15-июлда болгону сыяктуу террордун ар түрдүүсүнө каршы акырына чейин күрөшүүсүн улантып жатканын белгилеген Арслан: «Өлкөбүздүн чек араларынын тышында, өлкөбүзгө жана тынчтыгыбызга кастык кылган террор уюмдары же террористтерге каршы чек аранын тышында да күрөшүүбүз акырына чейин уланат»,-деди.

Арслан террор менен күрөшүүнүн акыркы террорист өлкөдөн тазаланганга дейре улана турганын билдирди.

 Өнүгүү министри Лүтфү Элван да твиттер эсебиндеги бөлүшүүсүндө Стамбулдагы террордук кол салуунун бүткүл адамзатты бутага алганын белгилеп кетти.

Эмгек жана социалдык коопсуздук министри Мехмет Мүеззиноглу, өз жарыясында карапайым адамдардын кыргынга учуратылышы менен адамзаттын абийири кыргынга учуратылганын билдирди. Мүеззиноглу: «Биримдик жана ынтымагыбыз менен мыкаачылык кыймылды жеңип чыгабыз»,-деди.

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Мехмет Гөрмез да социалдык медиа тармагынан, «Бул адамзаттыкка жатпаган кыргын салуунун бир базарда, сыйынуучу жерде же көңүл ачуучу жерде болушунун ортосунда эч кандай айырма жок»,деген маалыматын берди. Террористтердин бутасынын жерлер эмес, адамдар, өлкө, улут жана жапырт адамзат болгонун баса белгилеген Гөрмез: «Террор кайдан, кимден жана кимге келсе келсин эч качан кабыл алынбайт»,-деди.

Стамбулдагы террор кол салуусун жазуу түрүндө айыптаган Башкы штаб төрагалыгы да мыкаачылык менен аесуз түрдө ишке ашырылган террордук кол салууну катуу айыптагандарын белгиледи. Анда: «ТЕРРОР МЕНЕН КҮРӨШҮҮБҮЗ ОШОНДОЙ ЭЛЕ ТУРУКТУУЛУК ЖАНА ЧЕЧКИНДҮҮЛҮК МЕНЕН УЛАНАТ»,делди.

Республикачыл элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу:«Өлкөбүзгө болгон чексиз ишеним жана сүйүүнү бузууну максаттаган террор уюмдары максаттарына жете алышпайт»,-деген билдирүүсүн бөлүштү.

Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели да твиттер эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Улуттук кыймыл партиясы, Түркиянын кудум эле согуш фронтунда экенин көрүүдө жана да акырына чейин мамлекет жана улуту менен бирге, ынтымакта болот. Кулабайбыз, жеңилбейбиз, чыңдалган туугандыгыбыз, күчтөнгөн умтулуубуз, кубат алган эркибиз менен чыккынчылардын башына көк асманды кулатабыз»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар