Түркия Улуттук Парламентинин конституциялык өзгөртүүсү

21  беренелик сунуш комиссиясында 18  беренеге түшүрүлдү

641092
Түркия Улуттук Парламентинин конституциялык өзгөртүүсү

Жаңы конституциялык сунуш Түркия Улуттук Парламентинин Конституциялык комиссиясында кабыл алынды. 21  беренелик сунуш комиссиясында 18  беренеге түшүрүлдү. Сунушта көңүлдөрдү бурган түзөтүү президенттин  жоопкерчиликтери менен байланыштуу...

Президенттин партиясы менен байланышы үзүлбөйт. Президенттин шайлоолордун жаңылануусуна чечим чыгаруусу менен Түркия Улуттук Парламентинин жалпы шайлоосу менен президенттик шайлоо бирдикте өткөрүлөт.

Президент конституциялык  өзгөртүүлөргө байланыштуу мыйзамдарды керек болгондо элдик  добуш берүүгө сунуштайт.

Улуттук коопсуздук саясаттарын белгилейт  жана керектүү чараларды көрөт. Түркия Улуттук Парламентинин атынан түрк куралдуу күчтөрүнүн башкы командирлигинин өкүлү боло алат.

Президентикке өзгөчө абал жарыялоо жоопкерчилиги да берилүүдө.

Өзгөчө абалды жарыялоо чечими чыгарылган күнү Расмий гезитте жарыяланат жана ошол эле күнү Түркия Улуттук Парламентинин бекитүүсүнө сунушталат. Шайлануу жашы 18 деп белгиленип, депутат саны да 550дөн 600гө чыгарылууда.

Башка бир түзөтүү да аскердик сот тууралуу

Сунуштун 16 -  беренеси менен аскердик соттор жоюлат. Сунуш жаңы жыл менен бирге парламенттин жалпы кеңешинин күн тартибине алынат.



Тектеш кабарлар