Кол салуу Түркия-Орусия достугуна таасир тийгизбейт

Түрк тышкы иштер министрлиги элчи Карловго болгон кол салууну айыптады

634274
Кол салуу Түркия-Орусия достугуна таасир тийгизбейт

 Түркия, Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карловго кол салуунун Түркия-Орусия достугуна таасир тийгизбей турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги бул темага байланыштуу маалымат берди. Анда, Элчи Карловдун каза болушуна себепчи болгон кол салуунун артындагылар эң кыска мөөнөттө белгиленип, түрк сотунда жоопко тартыла турганы билдирилди.

Тышкы иштер министрлигинин жарыясында «Элчи Карлов, Түркияда кыйын мезгилде абдан ийгиликтүү иштерди аткарып, керек болсо жеке өзү керек болсо кесиптик өзгөчөлүктөрү менен мамлекеттин бардык кызматкерлеринин мактоосуна арзыган дипломат болуп саналат» деген сөздөр орун алып: «Бул кол салуунун Түркия-Орусия достугуна көлөкө түшүрүшүнө уруксат бербейбиз»,- деп уланды.



Тектеш кабарлар