Эрдоган орус жана түрк элине көңүл айтты

Түркия менен Орусия терроризмге каршы тилектештикти арттырат

634280
Эрдоган орус жана түрк элине көңүл айтты

Президент Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын элчиси Андрей Карлов каза болгон кол салууну жек көрүү менен айыптаганын белгилеп: «Бул окуя Түркия-Орусия карым-катнаштарын бузууга карай ачык чагымчылык»,-деди.

Окуяны Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Урматтуу Путин аркылуу дос орус элине көңүл айтамын»-деди.

Эрдоган Путин менен өткөргөн сүйлөшүүдө да окуянын провокация экендиги жөнүндө бирдей пикирде болгондорун жана эл аралык террорго каршы тилектештикти арттыруу боюнча макулдашкандарын айтты.

Президент түз эфирдеги кайрылуусун орус жана түрк элдерине көңүл айтуу менен аяктады.



Тектеш кабарлар