Кол салуудан Түркия-Орусия карым-катнашы таасир албайт

Тышкы иштер министрлиги бул темага байланыштуу маалымдоо жасады.

633785
Кол салуудан Түркия-Орусия карым-катнашы таасир албайт

Түркия, Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карловго карай кол салуудан Түркия-Орусия достугунун таасир албай турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги бул темага байланыштуу маалымдоо жасады.

Анда элчи Карловдун каза болушуна себепчи болгон кол салуунун аркасында тургандардын эң кыска мөөнөттө белгиленип, түрк сотунда жооп бере турганын билдирди.

Анкара Жогорку прокурорлугу болсо окуянын дароо артынан ок атылып өлтүрүлгөн кол салгычтын өздүгү белгиленгенин, анын жана үй-бүлөсүнүн үйүндө изилдөөлөр жасалганын жарыялады.

Бул учурда президент Режеп Таййип Эрдоган, орус кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшүү өткөрдү жана кол салуу туурасында маалымат берип көңүл айтты.



Тектеш кабарлар