Халептиктерден Түркия жана Эрдоганга рахмат

Идлибге барган халептиктер Түркия жана президент Р. Т. Эрдоганга рахмат айтышты.

631901
Халептиктерден Түркия жана Эрдоганга рахмат

Сирияда режим жана Ирандын командирлигиндеги шиит куралдуу күчтөрдүн курчоосу астындагы Чыгыш Халептен чыгуу менен оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Идлибге барган халептиктер Түркия жана президент Р. Т. Эрдоганга рахмат айтышты.

Идлибге алып барылган 1150 халептиктен Али Салим башта Аллага андан кийин Түркияга жана президент Эрдоганга рахмат айткандыгын билдирди.

Түркиянын эркин Сирия калкы менен тилектештик ичинде бир гана өлкө экендигин белгилеген Салим күрөштөрүндө көпчүлүк өлкө тарабынан жалгыз калтырылгандыгын жана кыянаттыкка учурашкандарын айтты.

Конвой менен Идлибге барган майып Ахмед Салих да халептиктердинкоопсуз түрдө чыгышына чоң роль ойногон Түркияга рахмат айтты. Араб өлкөлөрүнүн лидерлерине да кайрылган Салим : «Балдарыбыз өлтүрүлдү. Аялдарыбыз көз жашын төгүп, үйлөрүбүз жер менен жексен болду. Аларга биздин башыбызгакелгендердин эч кимдин башына келбегендигин эске салгым келет»,- деди.



Тектеш кабарлар