Улуттук коргоо министри Фикри Ышык Францияда

Фикри Ышык Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан менен Түркиянын тегерегинде болгон окуяларды карап чыгышкандарын билдирди

630209
Улуттук коргоо министри Фикри Ышык Францияда

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык Түркиянын күчүн майтарууну каалаган террордук уюмдардын максатына жетпей тургандыгын айтты.

Франциянын борбор шаары Парижде жолугушууларды өткөргөн Ышык Батыш Франция түрк коомдору биримдигинин Корбей-Эссон аймагында өткөрүлгөн жыйынга катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн Ышык Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан менен Түркиянын тегерегинде болгон окуяларды карап чыгышкандарын билдирди. Бул аймакта болгон абалдарга токтолгон Ышык : «Аймагыбыз абдан кыйын бир процесстен өтүп жатат. 1916 -  жылдагы Сайкса-Пико келишиминен кийин аймак эң чоң оош – кыйыштарды жашап жатат. Бул оош – кыйыштан да өлкөбүздүн таасирленбеши мүмкүн эмес.Өзгөчө Сирияда  режимдин өз калкын бомбалоосу менен башталган процесстен кийин Түркия абдан олуттуу коркутуулар менен бетме – бет келди. Түркия катары бул коркутуулар менен күрөшүү үчүн колубуздан келгендин эң мыктысын аткарууга аракет кылуудабыз»,- деди.

Түркиянын 2013 -  жылдан бери беттешкен ички жана тышкы коркутуулардан кутулгандыгын баса белгилеген Ышык Түркиянын дүйнөнүн эң чоң аэропорту проектиси, Канал Стамбул, атомдук станциялары сыяктуу мега проектилерин турмушка ашыруу чечимин чыгарган учурда Гези паркы окуяларынын чыккандыгын айтты.

Ышык Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылына да токтолду. Түркиянын эң чоң кыянаттыктын 15 -  июлда болгондугун айткан Ышык : «Кандай шарттар болсо болсун Алланын жардамы менен жана калкыбыздын жардамы менен бардык бул балээлерди жеңүүнү билдик»,- деди.



Тектеш кабарлар