Түркия аракетке өттү, Эгей деңизинде качкындардын өлүмү азайды

Эгей деңизиндеги качкын өлүмдөрү, 94 пайыз сыяктуу рекорддук катнашта азайды

630231
Түркия аракетке өттү, Эгей деңизинде качкындардын өлүмү азайды

Түркия аракетке өттү, Эгей деңизиндеги качкын көчмөндөрдүн өлүмү рекорддук деңгээлде азайды. Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда баш калкалоочулар тууралуу март айында түзүлгөн Кайра кабыл алуу келишиминин ишке кириши менен Эгей деңизиндеги качкын өлүмдөрү, 94 пайыз сыяктуу рекорддук катнашта азайды.

Европа Биримдигинин чек араларды башкаруу агенттиги Фронтекстин маалыматтарына караганда Европага эң көп качкын өткөн Эгей деңизинде айда орточо 67 киши каза болду. Бирок Түркия менен түзүлгөн келишимден кийин март айынан бери бул сан жетиге чейин түштү.

Өткөн жылы Жер Ортолук деңизинин чыгышынан Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө мыйзам тышы жолдор менен 85 миңден ашуун качкын барган. Көпчүлүгү Түркия аркылуу өтүп, Греция же Кипр Рум башкаруусунун жээгине күндө 2 миң 500 киши барган. Түркия менен түзүлгөн келишимдин ишке киришинен баштап бул сан күндө 100 кишиден азайды.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Түркия менен түзүлгөн Кайра кабыл алуу келишимин дагы бир жолу мактады. Юнкер бүгүн эрте менен Европа Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө келишимдин таасирин көрсөткөндүгүн белгилеп, Түркиядан Грецияга андан мурда күнүмдүк саны 10 миңге жеткен качкын санынын эми 90 кишиге түшкөндүгүн баса белгиледи. 

Бир тараптан Эгей деңизиндеги «оң картина» Борбордук Жер Ортолук деңизи үчүн айтыла албайт.

Бул жылы Борбордук Жер Ортолук деңизи качкындар тууралуу эң кыйын жылды өткөрдү. Аймактагы качкын көчмөндөрдүн өлүмүндө мурунку жылга караганда 32 пайыздык катнашта өсүү болду.

 



Тектеш кабарлар