АКШ, Халеб (Алеппо) туурасында Түркия менен Орусиянын аракетин колдогонун билдирди

БУУнун ок атпоо тууралуу алгачкы маалымдоосу «Түркия жана Орусиянын аракеттерин колдойбуз» болду.

630001
АКШ, Халеб (Алеппо) туурасында Түркия менен Орусиянын аракетин колдогонун билдирди

Түркиянын арачылыгы менен Сириянын көптөгөн жумадан бери бомбаланып жаткан Халеб (Алеппо) шаарында ок атпоо камсыздалды.Түркиянын Тышкы иштер министрлиги шаардын чыгышындагы оппозициячыл күчтөр менен Орусия баштаган режим күчтөрүнүн арасында ок атпоо камсыздалганын жарыялады. Министрликтин жарыясында ок атпоонун камсыздалышы сыяктуу муну улай келген бошотуу иштеринде да Анкара бийлигинин ролуна шилтеме кылынды.

Түркия, абдан опурталдуу болгон бул процессти жакындан байкап жатат. Ок атпоо менен эң оболу курчоо астындагы жарандардын коопсуз түрдө чыгарылышы көздөлүүдө. Бул кишилер Халебдин чыгышындагы Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүндөгү аймактарга жайгаштырылат.Ушул максат менен аймакка жарандарды ташый турган автобустар жиберилди.

Тараптардын ортосундагы макулдашуулар экинчи этапта шаар борборлорунун чыгышындагы куралчан оппозициячылдардын да коопсуз түрдө чыгарылышын көздөйт.  Оппозициядагы топтордун чоң бөлүмүнүн да шаардан чыгып кетүүнү кабыл алганы белгилүү болду.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусия жана Түркиянын Сирия темасында кызматташуусун улантканын, эки өлкөнүн Сириянын жеринин жана саясий бүтүндүгүнүн корголушу идеясын бөлүшкөнүн айтты.

Russia Today каналына маалымат берген Песков, эки өлкөнүн тең Сириянын биримдигин жана бул өлкөдөгү кризистин саясий жолдор менен чечилүүсүн каалаганын белгилеп кетти.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия темасында жакын диалог жүргүзгүнөн баса белгилеген Песков: «Сирия темасында дипломаттар жана аскерлер деңгээлиндеги маалымат алмашуу процессинин жакшы түрдө жүргүзүлүшү биз үчүн абдан маанилүү»,-деп айтты.

БУУнун ок атпоо тууралуу алгачкы маалымдоосу «Түркия жана Орусиянын аракеттерин колдойбуз» болду.

Америка Кошмо Штаттары да Халебдин чыгышында ок атпоонун камсыздалышынын Түркия менен Орусиянын ортосундагы аракеттеринин натыйжасы болгонун жарыялады.

Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Жон Кирби: «Бул АКШ орун албаган, Түркия менен Орусиянын аракети болчу»,-деди.

Кирби, Түркия жана Орусиянын Халебде ок атпоо камсыздалышына байланыштуу сүйлөшүүлөрдөн кабары болбогонун белгилеп, «Биз үчүн ким тарабынан жана кандай аткарылганы эмес, мунун жыйынтыгы маанилүү»,-деп айтты.

Кирби бул келишимге жетишилген учурунда зомбулук окуялары азая турганын жана жаран калк Халебден чыгарылса муну ыраазы болуп кабыл ала тургандарын белгилеп кетти.

Өлкөсүнүн Сирияда саясий чечим табууну издөөлөрүн уланта турганын белгилеген Кирби, Иран жана Орусиянын режим күчтөрүнө берген колдоосунун токтотулушу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар