Түркия эл аралык террор саясатына дуушар болгон өлкө, досубуз ким, душманыбыз ким?

Куртулмуш, премьер-министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде Чанкая сарайында өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышы уланып жатканда журналисттерге маалымат берип, суроолорго жооп берди.

629284
Түркия эл аралык террор саясатына дуушар болгон өлкө, досубуз ким, душманыбыз ким?

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, ишемби күнү кечинде Стамбулда болгон террордук кол салуудан кийин дүйнө жүзүнөн келген колдоо билдирүүлөрдүн оң бирок жетишсиз болгонун айтты.

Куртулмуш, премьер-министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде Чанкая сарайында өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышы уланып жатканда журналисттерге маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Куртулмуш жыйналышта Стамбулдагы террордук кол салуудан кийинки чара көрүүлөрдүн каралганын, мындан ары террор менен күрөшүү темасында жасай тургандардын каралганын белгилеп кетти.

Мындай түрдөгү кол салуунун Түркиянын эл аралык террор саясатына дуушар болгон өлкө экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн айткан Куртулмуш, бул кол салуунун да жикчил террор уюму ПККнын мүчөлөрү тарабынан жасалганы түшүнүктүү болгонун айтты.

Түркиянын мындан мурда ПКК, ДЕАШ жана башка террордук уюмдардын ушундай кол салууларына дуушар болгонун белгилеген Куртулмуш: «Ишемби күнү кечинде ал жерде бомбаны жардыргандар балким бир террор уюмунун ичиндеги мүчөлөрү, бирок ал жердеги окуяны толук караганыбызда мунун өкүлдүк согуштарынын бир бөлүгү катары колдонулган малайдын кылган кыймылы экени анык»,-деди.

Нуман Куртулмуш бул террордук кол салууарына жооп берилиши үчүн бардык күч жумшала турганын белгилеп: «Уюмдардын максаты коркутуу, дүрбөлөңгө түшүрүү жана тажатуу болуп саналат. Эң оболу биз бул улуттукорток көз карашыбызды көрсөтүүнү уланткан сайын, ар ким билип койсун, эч качан биз бул тажатуучу, коркутуучу саясатка багынып бербейбиз. Эч качан террорго көнө албайбыз, улут катары биз чөгөлөп бербейбиз. Акыры барып бул күрөштү, террорго каршы согушту, улутубуз жеңип чыгат. Террор уюмдарынын толугун бул өлкөдөн жоюп, аларды жок кылып, малайларын колдонгус кылып, функциясын аткара алгыс кылабыз»,-деп айтты.

Террордук кол салуулардан кийин алгачкы кадамдан баштап ким дос, ким душман экенин көргүсү келгендерин билдирген Куртулмуш, дүйнө жүзүнөн келген колдоолор тууралуу: «Ортого салынган бул колдоолорду оң деп тапканыбызды айтуудабыз, бирок жетиштүү деп таппаганыбызды да баса белгилейбиз. Мындан кийин колдоо көрсөтүү билдирүүлөрүн айткан өлкөлөрдөгү досторубуздун, чынчылдык, террорго каршы күрөшүүдө Түркия менен ачык түрдө орток бир үлүштөштүктү улантуулары керек»,-деди.

ПККнын Европа өлкөлөрүндөгү иштерин мисал кылып көрсөткөн Нуман Куртулмуш, ПККнын Европадагы иш-чараларына чектөө кое турган мамилени көргүсү келгендерин баса белгиледи.

ПЙД жана ЙПГнын бир-бирден террор уюму болгонун, бирок өжөрдөнүп алардын Сирия жана Иракта ДЕАШка каршы күрөшкөн элементтердин, коалициянын ичинде орун алганын айткандар бар экенин түшүндүргөн өкмөт катчысы, Стамбулдагы кол салуунун ПЙД, ЙПГ жана ПККнын ортосунда айырма жок экенин дагы бир жолу ортого салганын белгилеп кетти.

Куртулмуш: «Ушул алкакта балким ал жерлерден берилген курал жана ок-дарылардын олуттуу түрдө ПККнын колуна өткөнү, ар кимге маалым»,-деди.



Тектеш кабарлар