Кол салуунун белгилениши үчүн сергектик менен кыймыл кылабыз

Премьер-министр Бинали Йылдырым, бул кайгыны улут менен дагы бекем биригип жана кол кармашып ашып өтө тургандарын айтты.

628046
Кол салуунун белгилениши үчүн сергектик менен кыймыл кылабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган сыяктуу премьер-министр Бинали Йылдырым да Стамбулда окуяларды байкап жатты.

Тийиштүү кызматтагылардан маалымат алган Йылдырым, бул кайгыны улут менен дагы бекем биригип жана кол кармашып ашып өтө тургандарын айтты.

Жазуу түрүндө жарыя салган Йылдырым: « Жашоого, тынчтыкка, бакытка тузак салган кылмышкерлер мамлекет жана улутубуздун биримдигин буза албайт. Түркияны демократия жана укук жолунан баш тарттыра албайт. Азиз шейиттерибиздин каны жерде калбайт. Өмүрлөргө кол салган кылмышкерлер жана өз жандарын да кыйган бул мыкаачылык рухтарды өлүмгө жолдогон топтор да тийиштүү жоопту алышат»,-деди.

Окуянын жарыкка чыгарылышы үчүн жапырт аракет кылынып жатканын билдирген өкмөт башчы Йылдырым: «Өкмөтүбүз жана министрлерибиз бул мыкаачылык кол салуунун белгилениши үчүн сергектик менен кыймыл кылууда»,-деди.



Тектеш кабарлар