Түркиянын өкмөт башчысынын Москва сапары тууралуу...

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Орусиянын борбор шаары Москвадагы жолугушууларынын алкагында мамлекет башчысы Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту.

625280
Түркиянын өкмөт башчысынын Москва сапары тууралуу...

Түркия жана Орусиянын энергетика тармагындагы ири долбоорлорго байланыштуу биргелешкен инвестиция фонду түзүлөт.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Орусиянын борбор шаары Москвадагы жолугушууларынын алкагында мамлекет башчысы Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту.

Сүйлөшүү үстөлүндөгү эң маанилүү тема Сириядагы акыркы абал, өзгөчө Халебдеги адамзат таргедиясы болду.

Халебде болгон апааттын тез арада токтотулушу жана бул жерге гуманитардык жардамдын алып барылышынын маанисин баса белгилеген Йылдырым, бул үчүн Орусия жана Түркия катары аракет кылынып жатканын жана ушундан улам Сириядагы маселенин чечилишине дагы жакын болгондорун айтты.

Сирияда кадимкидей уя салып алган террор уюмдары бар экенин айткан Дмитрий Медведев да Сириядагы абалдын ырааттуулукка жеткирилиши жана нормалдашуусунун өздөрү үчүн алдыңкы пландагы маселе болгонун айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда энергетика долбоорлоруна байланыштуу ташталган кадамдар каралды.

Бинали Йылдырым, «Атомдук энергетикага байланыштуу «Аккую» долбоору биздин стратегиялык долбоор катары караган тармак болуп саналат. Мындан кийинки максатыбыз долбоордун дагы да ылдамдатылып эң жок дегенде Түркиянын жүз жылдыгында (2023-жыл) алгач бир фазасынын ишке киргизилиши»,-деди.

Биргелешкен инвестиция фондун түзүүгө чечим чыгаргандарын айткан Дмитрий Медведев да: «Ар түрдүү долбоорлор менен финансылык камсыздоосун кылабыз жана үчүнчү өлкөлөрдө да биргелешкен долбоор ишке ашырабыз»,-деп айтты.

Орусиянын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага ташый турган «Түрк агымы» долбоорунда болсо Москванын бекитүү баскычында болгонун белгилеген Медведев: «Президент Эрдоган да тийиштүү мыйзамды бекитти. Эң жакынкы убакта бул келишим бизде да бекитүү процессинен өтөт жана тийиштүү процесс бүтүрүлөт»,-деди.

Йылдырымдын Москвадагы жолугушууларында акыркы жолугушуусу Мамлекет башчысы Владимир Путин менен болду.

Йылдырым жана Путиндин 1 саат 15 мүнөткө созулган жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралды.

Бинали Йылдырым: «Талаа чарба, туризм, транспорт, соода, өнөр жай сыяктуу бир топ тармакта эки тараптуу инвестициялардын өнүктүрүлүшү боюнча жасай турган иштерибиз бар. Бул багытта бардык аракеттерди жумшайбыз»,-деп айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым жана Путиндин жолугушуусуна байланыштуу Кремлден маалымат келди.

Анда: «Путин, Эрдогандын «Түрк агымы» келишимине колдоо көрсөткөнүнө ырахмат айтат. Премьер-министр Йылдырымдын Москва сапары жаңы жогорку деңгээлдеги саммитке пайдубал түптөөдө»,-делди.



Тектеш кабарлар