Түркиянын өкмөт башчысы Орусияда

Бинали Йылдырым расмий жолугушууларды өткөрүш үчүн кечээ кечинде Орусияга барды.

624394
Түркиянын өкмөт башчысы Орусияда

Премьер-министр Бинали Йылдырым расмий жолугушууларды өткөрүш үчүн кечээ кечинде Орусияга барды.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Орусияга кетээр алдында «Эсенбога» аэропортунда Түркия-Орусия карым-катнаштарынын нормалдашуу процессине киргенин айтып, «Абдан ылдам илгерилеп баратабыз. Кызматташтыгыбызды арттырабыз. Москвадагы жолугушууларыбыздын башкы темасын ушул тема түзөт»,-деди.

Түркия-Орусия карым-катнаштарынын алдыга жылдырылышында эки өлкөдө тең жогорку жетекчиликтин эрки болгонун белгилеген Бинали Йылдырым, жолугушууларда айрым талаа-чарба продукцияларындагы чектөөлөрдүн жоюлушу темаларын карай тургандарын айтты.

Йылдырым: «Энергетика Орусия менен соодабызда маанилүү бир тармак. «Түрк агымы» келишими Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде бекитилди. Эми Думаны күтүүдөбүз. Жаратылыш газ бааларына байланыштуу өткөндөн келген арзандатуу маселеси бар. Аккуюнун да кечиктирилбестен бүтүрүлүшү маанилүү темалардын арасында орун алууда»,-деди.



Тектеш кабарлар