Ибрахим Калын Daily Sabah гезитине макала жазды

Ибрахим Калын Daily Sabah гезитинде «Европанын маселелери» аттуу макала жазды

624948
Ибрахим Калын Daily Sabah гезитине макала жазды

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Европанын маселелерин чечүү үчүн Түркия менен исламга каршы турууну токтотуу керектигин белгиледи.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Daily Sabah гезитинде «Европанын маселелери» аттуу макала жазды. Калын Европанын жыгып - кулатуучу  потенциалга ээ  саясий популизм толкуну менен бетме – бет экендигине көңүл бурду.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Европада келерки жылы өткөрүлө турган шайлоодо исламофобиялык жана чет элдик душмандыгы сөздөрүнүн артаарын белгиледи.

Австралия шайлоосун мисал келтирүү менен улутчулдук саясаттардын узун мөөнөттө маселелерин чече албай тургандыгы боюнча эскертти.

Ибрахим Калын Франция жана Германияда да шайлоо үгүттөрүндө да ушуга окшогон картинанын ортого чыгарын айтты. Калын ашыкча оңчул лидерлердин улутчулдук сөздөрү менен шектенүүлөрүн алдыга чыгарып, чыныгы маселелерден качышкандарын белгиледи.

Ибрахим Калын Италиядагы референдумдан кийин ортого чыккан өкмөт кризисинин Европада олуттуу саясий жана экономикалык жыйынтыктар болот деген көз карашта.

Калын Европадагы шайлоо атмосферасынын Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине да таасир тийгизгендигин баса белгиледи.

Ибрахим Калын Европанын маселелерин ашыкча агымдардын ордуна негизги баалуулуктарына кайтуу менен чечиле аларын айтты. Калын саясий популизм үчүн Түркияга карата душмандыктын Түркиядан көп Европага зыянын тийгизерин эске салды.

 



Тектеш кабарлар