Түркиянын Көктүрк-1 спутниги бүгүн учурулат

Көктүрк-1 спутниги бүгүн (5-декабрда) Француз Гвинеясынан учурулат.Түз эфирден көрсөтүлөт.

623649
Түркиянын Көктүрк-1 спутниги бүгүн учурулат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бута чалгындоолоруна карай спутник көрүнүшү муктаждыгын камсыздай турган Көктүрк-1 спутниги бүгүн (5-декабрда) Француз Гвинеясынан учурулат.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын да катышуусу менен Аба күчтөрү командирлиги жана Коргоо өнөр жайы кеңешчилигинин кожоюндугунда Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коомунун  (TUSAŞ) Акынжыдагы комплексинде уюштурула турган азем менен учуруу убагы түз эфирде көрсөтүлөт.

Жер шарынын жапыз бийиктиктеги орбитасына жайгаша турган спутник, учуруудан кийин 57-мүнөттө ракетадан бөлүнүп 59-мүнөттө күн панелдерин ачат. Спутниктен алгачкы сигнал учурулгандан кийин 68-мүнөттө келет.

Орто эсеп менен 90 мүнөттө дүйнөнү айланып уча турган спутниктин жыл сайын 60 миң видео тартышы көздөлгөн.

Спутник, Түркиянын үстүнөн ар бир өткөн сайын жер шарынын ар башка аймактарынан тарткан фотосүрөт жана видеолорду Аба күчтөрү командирлигинин спутник жер станциясына жиберип турат.

Дүйнөдөгү окшошторуна караганда абдан жогорку чечмелөө менен видеолорду өткөрө турган спутник, мамлекеттик мекеме жана уюмдар үчүн экология жана курулуштардын байкалышы, айыл чарбалык түшүмдү белгилөө, мэриялык ишке ашыруулар, чек ара текшерүүсү, кадастр иш-чаралары сыяктуу бир топ тармакта алыстан кабылдоо милдеттерин аткарат.



Тектеш кабарлар