Түркиянын алдында көп альтернатива бар

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн 7-Босфор саммитинде сөз сүйлөдү.

620041
Түркиянын алдында көп альтернатива бар

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк дептерин учурда жаба элек экенин айтты.

Президент Түркиянын алдында ар дайым абдан көп альтернатива турганын да белгиледи.

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн 7-Босфор саммитинде сөз сүйлөдү.

Европа Биримдиги темасынын Түркия үчүн учурда жабылбагандыгын белгилеген Эрдоган: «Бирок алдыбыздагы көрүнүш бул темада оң күтүүлөргө багыт алышыбызга уруксат бербей жатат»,- деп айтты.

Европа Биримдигинин Түркияны 53 жылдан бери каалгасында күттүрүп келе жатканын баяндаган президент: «Биз бул 53 жылды ансыз деле өткөрдүк. Бир канча өлкөгө кысым көрсөттүңөр. Бирок Түркияга эч нерсе кыла албайсыңар. Учурда мурдагысынан эки эсе, үч эсе иштейбиз жана эч качан баш ийбейбиз. Бизди андай идеологиялык мажбурлоо менен баш ийдирүүгө аракет кылгандар жаман көрбөсүн, Түркия ал өлкөлөрдөн эмес»,- деди.

Түркиянын алдында ар дайым абдан көп альтернативалар турганын айткан президент: «Булардын бирин колдонуу менен биз жолубузду улантабыз»,- деп кошумчалады.

Сөз сүйлөөсүндө Кипрдин Рум бөлүгүнүн Европа Биримдигинин жыйындарына Кипр аралынын толугун камтыган жалган байрак менен катышканын да сындаган Эрдоган: «Сиздин мындай желегиңиз жок. Сен Түштүк Кипр Рум башкаруучулугусуң, түндүктө болсо Түрк Республикасы бар. Кандай болсо да муну түшүнүшөт»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар