ХДПнын теңтөрагалары жана эл өкүлдөрүнүн акыбети

5 эл өкүлү партиянын калган 5 эл өкүлү сыяктуу кечээ кечинде, террор териштирүүлөрүнүн алкагында кармалышкан.

604126
ХДПнын теңтөрагалары жана эл өкүлдөрүнүн акыбети

Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) теңтөрагалары Селахаттин демирташ жана Фиген Йүксекдаг Диярбакырда, фракция жетекчиси Идрис Балүкен Бингөлдө, эл өкүдөрү Лейла Бирлик жана Нурсел Айдоган болсо Шырнакта камакка алынды.

5 эл өкүлү партиянын калган 5 эл өкүлү сыяктуу кечээ кечинде, террор териштирүүлөрүнүн алкагында кармалышкан.

Кармалып турган Диярбакырдын эл өкүлдөрү Зия Пир менен Имам Ташчыер болсо көзөмөлдүү эркиндик өкүмдөрү ишке ашырылуусу менен эркин кое берилди.

Анкара эл өкүлү Сырры Сүрея Өндер да юстициялык көзөмөл шарты менен эркин кое берилди.

Кармалган эл өкүлдөрдүн арасында орун алган теңтөрагалары Селахаттин Демирташ жана Фиген Йүксекдаг да, камакка алынышы талабы менен сотко өткөрүлдү.

Ички иштер министрлиги аты аталган эл өкүлдөрүнүн «ПКК террор уюмунун пропагандасын кылуу», «кылмышты жана кылмышкерди мактоо», «элди кек сактоо жана душмандыкка үгүттөө», «куралдуу террор уюмуна мүчө болуу», «мамлекеттин биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга аракеттенүү» сыяктуу айыптар менен иш козголгонун жарыялады.

Түркия Улуу Улуттук жыйынында март айында кабыл алынган конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн кийин ар түрдүү партиялардан 148 эл өкүлүнүн кол тийбестиги жоюлган.

Террор териштирүүсүнүн алкагында кол тийбестиктери жоюлган ХДПнын эл өкүлдөрү болсо бир канча жолу чакырылганына карабастан түшүнүк бергени сотко барышкан эмес.

Ушул боюнча Диярбакыр, Хаккари, Ван, Шырнак жана Бингөл Республикалык жогорку прокурорлуктары тарабынан жүргүзүлгөн террор териштирүүлөрүнүн алкагында 11 ХДП эл өкүлүн  кармоо чечими чыгарылды.



Тектеш кабарлар