Эрдоган менен Обама телефондо сүйлөшүү өткөрдү

Эрдоган менен Обаманын телефондогу сүйлөшүүсү төмөндө.

597827
Эрдоган менен Обама телефондо сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Президенттиктин маалымат борборунун жарыясында анда террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө алдыдагы баскычтар каралды.

Берилген маалыматка караганда АКШнын президенти Обама, Эркин Сирия армиясына берилген жардамдан баштап Түркиянын террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүгө кошкон салымдары мактоого арзырлык болгонун айтты.

АКШнын президенти Обама, Түркиянын террор уюму ДЕАШка каршы коалицияга ылайыктуу деңгээлде жана формада катышуусу темасында Түркия жана Ирактын ортосунда уланган диалог процессин ыраазы болуп кабыл алганын айтты.

Аймактын ДЕАШ жана ПКК менен кошо бардык террордук уюмдардан тазаланышы керектигине шилтеме кылган президент Эрдоган да, Мосулдагы операциянын кылдат жүргүзүлүшүнүн маанисине көңүл бурду.

Президент Эрдоган жана АКШнын президенти Обама, Түндүк Иракта жикчил террор уюму ПККнын уя салышына уруксат берилбеши керектиги жагдайында макулдашты.



Тектеш кабарлар