Түркия Ирак жана Сириядагы абалдарга кайдыгер калбайт

Премьер-министр Бинали Йылдырым, күн тартипке байланыштуу ачыктоолорду жасады жана суроолорго жооп берди.

595143
Түркия Ирак жана Сириядагы абалдарга кайдыгер калбайт

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркиянын Ирак жана Сириядагы абалдарга кайдыгер калбай турганын айтты.

Йылдырым Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 25-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышы өткөрүлгөн Афйонкарахисарда ТРТ менен айрым телеканалдар биргелеше аткарган түз эфир программасына катышып, күн тартипке байланыштуу ачыктоолорду жасады жана суроолорго жооп берди.

Мосулдагы акыркы абалга токтолгон Йылдырым, Багдад өкмөтүнүн аскердик элементтери жана алар менен чогуу кыймыл кылган согушкерлер аркылуу, ДЕАШ элементтерин тазалоо үчүн операциянын уланып жатканын билдирди жана аба коалициясынын арасында Түркиянын да орун ала турганын айтты.

Йылдырым, Мосул операциясынан кийин демографиялык түзүлүштүн өзгөртүлө турганы жана Мосулда жашаган 2 миллиондой кишинин качкын абалга түшүп, чоң бир баш калкалоочулар агымынын Түркияга багыт ала турганы жөнүндө санааркоолору бар экенин баса белгиледи.

Секта согушу коркунучунун да олуттуу түрдө арта турганын баса белгилеген Йылдырым, «Биздин Ирак менен бардыгы 350 км чек арабыз бар. Ошондуктан келе турган ар түрдүү террор коркунучуна, качкындар агымына карата жана аймакта чыга турган секта согушу жана кыргындарга карата Түркия эч качан кайдыгер калбайт. Керек болгон учурда кийлигишүүдөн да кымындай да тайсалдообуз болбойт»,-деди.

Түркиянын башын ооруткан ПКК террорунун Иракта жашырынганын айткан Йылдырым, Багдад башкаруучулугунун Иракта түрк аскерлеринин болушуна сөз айтуунун ордуна алгач өлкөсүндөгү террор уюмдары менен күрөшүүлөрү керектигин айтты.

Сирияда «Евфрат калкыны» кыймылынын жакшы баратканын айткан Йылдырым, түштүккө, Эл Бабга карай тазалоо кыймылы уланып жатканын, коопсуз аймак түзүлгөнүн, Түркиядагы баш калкалоочулардын бул аймакка жайгашып нормалдуу турмуштарына кайткандарын белгилеп өттү.

Сирияда жана Иракта коопсуздук камсыздалышы керектигине көңүл бурган Йылдырым, «Сүйлөшүү үстөлүндө болобуз дегенибиздин себеби, бул жерлерде тынчтыктын камсыздалышы болуп саналат. Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Түркия сөзсүз иштин ичинде болот. Болушун да улантат. Түркия болбостон бул аймакта план түзүү акылга сыйбаган иш болот. Анткени ар ким иштери бүткөндө кайтып кетишет. Биз бул аймактагы адамдар менен чогуу жашайбыз»,-деди.

Америка Кошмо Штаттарынын террор уюму ДЕАШты жок кылыш үчүн башка бир террор уюму ЙПГ/ПЙДны колдонгонуна каршылык көрсөткөн Йылдырым: «Бир террор уюму менен башка террор уюмун жок кылуу акылга сыйбаган иш. Дүйнөнүн кайсы жеринде көрүлүптүр мындай нерсе? Бирөөнү жок кылагандан кийин берки террор уюмун эмне кыласың? Ал үчүн да башка террор уюму куруп аны менен согуштурасыңбы? Мындай мамлекеттик саясат болбойт. Бул жөн гана жаңылтуу болуп эсептелет»,-деди.

АКШнын ЙПГ/ПЙДга берген куралдарынын Түркияда кандуу кыймылдарды кылган ПКК тарабынан колдонулуп жатканын айткан Йылдырым: «Аты кандай болсо дагы атуулдардын жан жана мүлк коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык террор уюмдарына каршы чара көрөбүз. Эч кимден уруксат же түшүндүрмө алуу муктаждыгыбыз жок»,-деп айтты.

Президенттик система жана жаңы конституция талкууларына токтолгон Йылдырым: «Президенттик системада Парламент дагы да күчтөнөт. Саясий пария жетекчилеринин билдирүү жана башкарууларына караганда ал жердеги эл өкүлдөрүнүн өз эркин эрки чечим чыгарууларга дагы көп чагылышат. Ар кимди камтыган, кучагына алган конституция өзгөртүүсүн кылабыз»,деген серебин салды.

ФЕТӨнүн корбашчысынын АКШдан кайтарылышына да токтолгон Йылдырым: «Биз укугубуз болгонду талап кылуудабыз, ал жерден мээримдүүлүк күткөн жерибиз жок. Бул өлкөнү кулатууга аракет кылган, режимди, улуттук эркти жок кылууга аракет кылган террор уюмунун корбашчысын талап кылуудабыз. Ушунчалык мыйзамдуу, укуктуу талабыбыз бар. «Же АКШ соттоосун», убактылуу камоосун андан соң укуктук процесстери бүткөндө беришин талап кылуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар