Ислам маселелери ынтымак жана биримдүүлүк менен чечилет
Президент Эрдоган парламент төрагаларынын урматына берген сый тамакта сөз сүйлөдү.
![Ислам маселелери ынтымак жана биримдүүлүк менен чечилет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9150/ee60/1329/5806489d9d674.jpg?time=1718765141)
Президент Режеп Тайип Эрдоган террордук уюмдар менен жалгыз гана эл аралык кызматташууну арттырып ийгиликтүү күрөшүүгө болоорун айтты.
Эрдоган Президенттиктин комплексинде Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик биримдигинин 36-Аткаруу комитетинин жыйынына катышкан парламент төрагаларынын урматына берген сый тамакта сөз сүйлөдү.
Ислам маселелеринин ынтымак жана биримдүүлүк менен чечилээрин айткан Эрдоган: «Дагы да көп иштеп, жемкорлукка каршы сергек болуп, жыйындарыбыздагыдай кеңешүү пайдубалын күчтөндүрүп, бардык темада чогуу болушубуз керек»,-деди.
Президент Африкадан Жакынкы Чыгышка чейин, Азиядан Америкага чейин мусулмандардын түрдүү маселелер жана сыноолор менен бетме-бет келгендигин, 6 жылдан бери бүткүл дүйнөнүн көз алдында сириялыктардын баррель жана кластердик бомба, химиялык курулдар колдонулган кол салууларга дуушар болуп жаткандарын сөз кылып, Ирак менен Йемен аркылуу да шиит-суннит кагылышуусун баштатууга аракет кылынып жатканын белгиледи.