Түркия Мосул операциясында орун алат
Коалиция күчтөрү макулдашты
592047
![Түркия Мосул операциясында орун алат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8acd/b9e3/1e9c/5806025ba5001.jpg?time=1718735168)
Премьер-министр Бинали Йылдырым коалиция мүчөлөрүнүн террордук уюм ДЕАШка каршы Мосул операциясында Түркиянын да орун алуусу боюнча макулдашкандарын билдирди.
Түркия Улуу Улуттук жыйынында журналисттерге маалымат берген премьер-министр: «Коалиция күчтөрү Түркиянын операцияда болуусу үчүн макулдашты, Түркия коалицияда орун алат»,-деп айтты.
Премьер-министр Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракция жыйынындагы билдирүүсүндө, Мосулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн кечээ баштатылган операцияга түрк согуштук учактарынын да катышкандыгын маалымдаган эле.