АКШ жана Катар Түркияга ыраазычылыгын билдирди

ДЕАШ террор уюму Дабык айылында жана Соран аймагында чоң зулумдуктарды кылган. Бул зулумдуктарын интернетте жарыялаган.

591095
АКШ жана Катар Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Америка Кошмо Штаттары жана Катар, Түрк куралдуу күчтөрү колдоого алган сириялык оппозициячылдардын Дабык айылы жана Соран аймагын артка кайтарып алуусун ыраазы болуп уккандарын билдиришти.

АКШнын Коргоо министри Эштон Картер, бул темага байланыштуу жазуу түрүндөгү жарыясында «Шериктешибиз Түркия жана эл аралык коалиция тарабынан Дабык айылынын террор уюму ДЕАШтан сириялык оппозициячылдар тарабынан тазаланганы тууралуу маалыматтарды ыраазы болуп уктук»,деген сөдөргө орун берилди.

Дабык террор уюму ДЕАШ үчүн стратегиялык мааниге ээ болгонун, уюмдун бул жерде чоң зулумдуктарды кылганын жана англис тилиндеги журналына бул аймактын атын койгонун эске салган Картер буларга токтолду: «Дабыктын тазаланышы, террор уюму ДЕАШтын туруктуу жеңилүүгө учуратылышы үчүн Сирияда күрөшкө жаңы ылдамдык киргизди. Дабыкты азаттыкка жеткириш үчүн согушкан сириялыктарга жана шериктешибиз Түркияга бул операциядагы жакын кызматташтыктары үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдиребиз деймин».

Катардын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында да, Соран аймагы жана Дабык айылынын тазаланышынын ыраазычылык менен угулганын, мунун башка шаарлардан да кайтарылып алынышында маанилүү бир кадам болгонун маалымдады.

Түркия өкмөтүнүн чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн көрө турган ар бир чара көрүүсүнө колдоо көрсөтүлгөнү белгиленген жарыяда, эл аралык коомчулуктун да Асад режимине жана террор уюмдарына каршы күрөшкөн Сирия калкынын жанында орун алышы керектиги белгиленди.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан колдоого алынган Эркин Сирия армиясы, Сирияда Дабык айылы жана Соран аймагын террор уюму ДЕАШтан тазалады.

Террор уюму ДЕАШ бир журналына да атын койгон Дабык, уюм үчүн символдук мааниге ээ. Уюм, Дабыкта «Мусулман болбогонуна ишенген күчтөр» менен боло турган согуш аркылуу «кыяматтын» баштала турганына ишенчү.



Тектеш кабарлар