Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 15 - июль сунушу

Улуттук майрам жана эс алуу күндөрү тууралуу мыйзамга 15 – июль күнүнүн да кошулушун күтүүдө

590045
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 15 -  июль сунушу

Адилеттик жана өнүгүү партиясы 15 -  июлдун «Демократия жана эркиндиктер күнү» катары эс алуу күнү деп жарыялоо сунушун Түркия парламентине сунуштады.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери жана премьер – министр Бинали Йылдырым менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жүздөн ашуун депутаты кол койгон мыйзам сунушу менен Анкаранын Казан районунун атынын «Кахраман Казан» деп өзгөртүлүшү, улуттук майрам жана эс алуу күндөрү тууралуу мыйзамга 15 – июль күнүнүн да кошулушун күтүүдө.

Негиз катары түрк куралдуу күчтөрүнүн ичиндеги аскердик Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан 15 -  июлдагы Түркия республикасын, демократияны, улуттук эркти бутага алган козголоң кыймылынын болгондугу эске салынуу менен буга каршы башта Анкара жана Стамбул болуу менен Түркиянын бардык жеринде жарандардын  козголоңчу  күчтөр менен күрөшкөндүгү эске салынды.

Козголоңчулар штаб катары колдонгон, аскердик учактарды жана тик учарларды учурган Акынжы аба базасы орун алган Анкаранын Казан району экендиги белгиленип, жарандар каармандарча күрөшүү менен реактивдердин учушуна тоскоол болуу менен жарандык каршы чыгуунун чыккан жери экендиги белгиленди.

Мыйзам сунушунда «Казандын атынын Кахраман Казан» деп өзгөртүлүшү да талап кылынды.



Тектеш кабарлар