Түркия Парламентинин төрагасы Францияда...

Парлемент төрагасынын Франциядагы  жолугушууларынын алдында алгачкы аялдамасы Париждеги Башкы консулдук болду.

588866
Түркия Парламентинин төрагасы Францияда...

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман Франциянын борбор калаасы Парижге барды.

Парламент төрагасы Исмаиль Кахраман жана аны коштоп барган парламент делегациясы Парижде элчи кызматын убактылуу аткаруучу Али Онарер тарабынан тосулуп алынды.

Парлемент төрагасынын Франциядагы  жолугушууларынын алдында алгачкы аялдамасы Париждеги Башкы консулдук болду.

Кахраман бул жерде өлкөдө ишин жүргүзгөн түрк коомдорунун өкүлдөрү менен жолукту.

Кахрамандын андан кийинки аялдамасы Француз сенаты болду.

Сенаттын төрагасы Жерар Ларше тарабынан тосулуп алынган Кахраман кесиптеши менен жолугушту.

Бир топ эл өкүлү да катышкан жолугушуу жабык эшик артында өттү.

Кахраман жана Ларше делегациялар аралык жыйналыштан кийин өз алдынча жолугушуу өткөрдү. Кахраман жолугушуулардын уландысында анын урматына берилген тамакка катышты.

Кахраман бүгүн Улуттук Парламенттин төрагасы Клод Бартолон менен жолугат.



Тектеш кабарлар