Түркия-Орусия карым-катнаштары

Эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактарда оң жылыштар болуп жатат

588492
Түркия-Орусия карым-катнаштары

Эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коомунун төрагасы Наил Олпак, Түркия менен Орусиянын таштаган кадамдарынан кийин эки өлкөнүн ортосунда бардык тармакта оң жылыш болгонун айтты.

Бурдур шаарындагы жыйында сөз сүйлөгөн Наил Олпак инвестиция, соода-сатык жана туризм тармактарындагы кызматташуунун эки өлкөнүн тең экономикасына чоң салым кошо тургандыгын билдирди.

Эки өлкөнүн ортосунда оң жылыш болуп жатканын баса белгилеген Олпак, Стамбулда өткөрүлгөн энергетика саммити аркылуу эки өлкөнүн лидерлери жолугушуп, «Түрк агымы» долбоору менен катар атомдук энергия жана коргоо өнөр жайы тармактарында келишимдерге кол коюлушун оң жылыш катары эсептегендерин айтты.



Тектеш кабарлар