Эрдоган АКШга катуу каршылык көрсөттү

Президент Эрдоган: «Эгерде бир өлкө өлкөңдөгүнү террорист деп жарыяласа, ал кишини бересиң»

588071
Эрдоган АКШга катуу каршылык көрсөттү

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «Жикчил террордук уюмдун (ПКК) корбашчысын өткөрүп беришти, дагы бир террордук уюмдун (ФЕТӨ) корбашчысын бербей жатышат»,-деп АКШга катуу каршылык көрсөттү.

Бештепедеги Улуттук маданият жана конгресс борборунда Судья жана Республикалык соттун талапкерлеринин чүчүкулак тартуу аземинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүленди тапшыруу жараяны узартылса абдан башкача нерселер болоорун белгиледи.

Америкалык прокурорлордун террордук уюм ФЕТӨ аркылуу Түркияга алынып келинип, ичип-жегизилип жана  кийиндирилгенин эске салган Эрдоган, прокурорлор АКШга кайтканда Түркия Республикасынынын бир жаранын ал өлкөгө кирип баратканда камап койгонун, 6 айдан бери абакта жатканын жана соттобогонун баяндады.

Эрдоган: «Сеники тарапсыз, көз карандысыз болсо ал адамга (Гүлен) каршы аны эмне үчүн жоопко тартпайсыңар?» деп сурасак анда силер: «Бул жерде көз карандысыз, тарапсыз сот бар» дейсиңер. Жаман көрбөгүлө, бизде сеникинен дагы да тарапсыз жана көз карандысыз сот бар»,-деп айтты.

Түркиядан террористтерди талап кылган учурда аларга бергендерин, бирок алар мындай террористти (Гүлен) бизге бербей жаткандарын баса белгилеген президент: «Эмне үчүн бербей жатасыңар? Айткандарына караганда сот бар экен, соттун өкүмү болбостон бере албайт имиш. Андай нерсени бул жерде да аткарса болот. Эми бир нерсе талап кылсаңыздар бул жолу биз да соттор өкүм чыгармайынча бербейбиз. Мындан кийин ушундай болот. Стратегиялык шериктеш болуп ар кандай нерселер айтылат, болбойт мындай нерсе»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Гүлендин 17 жылдан бери АКШда жүргөнүн белгилеп: «Эгерде бир өлкө өлкөңдөгүнү террорист деп жарыяласа, ал кишини бересиң»,- деди.



Тектеш кабарлар