Алгачкы эл аралык жилик чучугу трансплатациясы
Жилик чучугун трансплатациялоо менен 2 жашар индиялык бала кутулду
Түркияда 160ка жакын кишиге трансплатация жолу менен өмүр берген Түркия клетка координация борбору өлкө тышындагы чет элдик оорулууларга да үмүт болду.
Индияда 2 жаштагы эркек балага жилик чучугун табуу үчүн 57 өлкөдөн 22 миллион киши белгиленди. Ылайыктуу жилик чучугу Дүйнөлүк жилик жүлүнү банкына мүчө Түркияда - Сакарияда табылды.
Трансплатация 4 - августта Индияда ишке ашты. ТҮКӨК өлкө тышына жасалган биринчи жилик чучугун трнасплатциялоо менен 2 жаштагы бала кутулду.
Экинчи трансплатация болсо 18 - августта Измирден Бельгияга жасалды. Лимфома оорулуусу 58 жаштагы бир бельгиялык жиберилген жилик чучугунун трансплатацияланышы менен айыкты.
ТҮРКӨК жилик чучугу банкы проектиси менен 162 миң багышка жетишилди. Дүйнөлүк жилик чучугу банкына мүчө болгон апрель айынан бери 54 оорулуу үчүн кайрылуу болгон.
Греция, Германия, АКШ жана Австралия сыяктуу өлкөлөрдөгү 40 оорулууга ылайыктуу жилик чучугун берүүчү талапкер аныкталды. Бул өлкөлөргө Түркиядан оң жооптун берилиши менен 40 оорулуу да жашап калат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.