Эрдоган Путин менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө кайсы темалар каралды?

583760
Эрдоган Путин менен сүйлөштү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Анда эки тараптуу алакалар менен катар Сириядагы акыркы кырдаал каралды.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин Дүйнөлүк энергетика конгрессинен улам 9-октябрда Стамбулда өткөрө турган жолугушуулары тууралуу да пикир бөлүшүштү.

Аккую атомдук күч станциясы жана Түрк агымы долбооруна да токтолушкан сүйлөшүүдө, эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү тармактардагы кызматташуунун күчтөндүрүлүшү темасында чечкиндүүлүк сөз кылынды.

Эки лидер Сириядагы кагылышуулардын токтотулушу жана гуманитардык жардамдардын жеткирилишине карата аракеттерди тыгыздаштыруунун маанисин да баса белгилешти.



Тектеш кабарлар