Эрдоган: «ФЕТӨнүн чээндерине кирдик»

Президент Эрдоган ФЕТӨ териштирүүлөрүнө байланыштуу айрым маалыматтарды берди

581247
Эрдоган: «ФЕТӨнүн чээндерине кирдик»

Президент Режеп Тайип Эрдоган 15-июлда 9 адам шейит болгон Анкаранын Казан районунда Фетуллахчы террор уюму боюнча териштирүүлөргө байланыштуу айрым маалыматтарды берди.

Эрдоган: «Чээндерине кирдик. Эми качуу үчүн тешик издеп жатышат. Кайда качса да биз аларды кууп жетебиз»,- деди.

Президент Эрдоган: «Бул дүйнөдө биз, ал эми акырет жашоодо Кудай жеке өзү жоопко тартат. Алар 241 шейитибиз, майып болуп калган 2 миң 194 адам үчүн жооп беришет. 40 жылдан ашуун убакыттан бери бул улутту кандайча алдагандары суралат»,- деп айтты.

Президент Режеп Тайип Эрдоган 15-июлдагы төңкөрүш аракетин оюн деген айрым өлкөлөргө да каршылык көрсөтүп: «Кантип эле  өзүң үчүн оюн даярдап өлүмгө барасың. Кандай болот бул иш?-деди.



Тектеш кабарлар