Тышкы иштер министри Нью - Йоркто жолугушууларын улантууда

Чавушоглу менен аргентиналык кесиптеши Сюзана Мэйбл Малкорр ортосундагы сүйлөшүүдө да өлкөлөр арасындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү баса белгиленди

575727
Тышкы иштер министри Нью - Йоркто жолугушууларын улантууда

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу  БУУнун 71 -  сессиясына катышуу үчүн барган Нью – Йоркто жолугушууларын улантууда. Чавушоглунун  катышуусу менен өткөн Түркия – Босния Герцеговина – Хорватия жана Түркия – Босния Герцеговина – Сербия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйындарында күн тартибиндеги орток темалар каралды.

Миграция жана качкындар тема болгон Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиянын катышуусу менен өткөн  МИКТА тышкы иштер министрлеринин жыйынында болсо кызматташтык жана милдеттерди бөлүшүүнүн мааниси баса белгиленди.

Чавушоглу менен аргентиналык кесиптеши Сюзана Мэйбл Малкорр ортосундагы сүйлөшүүдө да өлкөлөр арасындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү үчүн бир бирине карата сапарлардын мааниси баса белгиленди.

Министр Чавушоглу Эфиопиянын тышкы иштер министри Тедрос Адханом Гебрейесус менен да жолугушту. Эки министр өлкөлөрдүн ортосундагы соода көлөмүнүн 1 миллиард долларга чыгарылышы керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда Фетуллахчы террордук уюмдун коркутуулары да бөлүшүлдү. Чавушоглу   Грузиянын тышкы иштер министри Михаил Жанелидзе сүйлөшүүсүндө болсо эки тараптуу экономикалык, коопсуздук жана саясий кызматташтык темалары талкууланды.



Тектеш кабарлар