Газалык балдарды кубанткан-Түркия

Газадагы муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам жеткириш үчүн Мерсинден чыккан «Eclips» аттуу экинчи кеме өткөн аптада Израилдин Ашдод портуна жеткен.

572173
Газалык балдарды кубанткан-Түркия

 

Түркиянын «Eclips» аттуу кеме менен Газага жиберген гуманитардык жардам материалдары таркатыла баштады.

Жардам материалдарынын аклагында аймакка жөнөтүлгөн миң велосипеддин биринчи бөлүгү, Премьер-министрликке караштуу апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын координациясында Палестинанын социалдык иштер министрлигинин имаратында газалык балдарга таркатылды. Велосипеддерин алган балдар имараттын короосунда ары бери тээп кубанып жатышты.

Азык-заттардын таркатылышында да алгачкы баскычта 200 газалык үй-бүлөгө жардам материалдары жеткирилди. Ар бир жардам 50 кг ун, 25 кг шекер жана 5 литр суу майдан турат.

Газадагы муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам жеткириш үчүн Мерсинден чыккан «Eclips» аттуу экинчи кеме өткөн аптада Израилдин Ашдод портуна жеткен.

Премьер-министрликке караштуу апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын координациясында жүк жүктөлгөн кемеде 2500 тонна гуманитардык жардам материалдары жана миң велосипед бар эле.



Тектеш кабарлар