Эрдоган Нью-Йоркко барат

Президент Эрдоган 3 теманы түшүндүрөт

572127
Эрдоган Нью-Йоркко барат

Президент Режеп Тайип Эрдоган 19-сентябрь дүйшөмбү күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барат.

Президент Эрдогандын 3 темада билдирүүсү бар.

Президент Эрдоган лидерлердин саммитинде Түркиянын баш калкалоочу саясатын, Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетин жана терроризмге каршы күрөшүүсүн түшүндүрөт.

БУУнун Башкы Ассамблеясында баш калкалоочуларга байланыштуу эки башка жыйын өтөт. 19-сентябрда боло турган Баш калкалоочулар жана качкындар жыйынында баш калкалоочуларга карата иш-чараларды жүргүзгөн эл аралык мекемелердин өкүлдөрү өз ойлорун бөлүшүшөт. 20-сентябрда болсо АКШнын президенти Барак Обама баш калклоочу маселеси, аларга жардам, жумуш менен камсыздоо жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо темаларында өлкөлөрдүн көбүрөөк жоопкерчиликти алуулары максатында өткөрүлө турган жыйынга жетекчилик кылат. 19-22-сентябрда Нью-Йоркто боло турган президент Эрдоган, дүйнөлүк лидерлер менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.  



Тектеш кабарлар