Эрдоган лидерлерди Курман айт майрамы менен куттуктады

Айрым мусулман өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү

570004
Эрдоган лидерлерди Курман айт майрамы менен куттуктады

Майрамды Стамбулда өткөрүп жаткан президент Режеп Тайип Эрдоган айрым мусулман өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен телефон аркылуу байланышып майрамы менен куттуктады.

Президенттиктен маалымдалгандай Эрдоган Сауд Арабстандын королу Салман бин Абдүлазиз Аль Сауд, Катардын эмири шейх бин Хамад Аль Сани, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф жана Хамастын саясий бюро төрагасы Халид Мешал менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Майрамдары менен куттуктоо максатында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө президент Эрдоган Курман айт майрамынын Ислам дүйнөсү менен катар бүтүндөй адам баласына тынчтык жана бакубат жашоо алып келишин каалаганы билдирилди.



Тектеш кабарлар