Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Эки лидер кайсы маселелерди сүйлөштү?

568223
Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктен маалымдалгандай сүйлөшүүдө, эки тараптуу алакалар жана Сириядагы акыркы кырдаал каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө, Сириянын Халеб шаарында ок атпоо келишиминин тез арада камсыздалышынын маанисине көңүл бурду.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин, саналуу күндөр калган Курман Айт майрамынан улам Халебде ок атпоо киргизилиши үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп жатканын сөз кылышты.

Эки лидер ок атпоо аракеттеринин тыгыздаштырылышы боюнча макулдашкандарын баса белгилешти.

«Евфрат калканы» операциясы да каралган сүйлөшүүдө эки лидер, Түркиянын чек ара аймагынын ДЕАШ менен катар террордук уюмдардан тазаланышынын маанилүү экенин белгилешти.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө, Жураблус менен Аль Раинин өз тургундарынын Түркиядан мекенине кайта баштагандарына да токтолду.

Сүйлөшүүдө, Аккую атомдук станциясы жана «Түрк агымы» долбоору менен катар энергетика тармагындагы кызматташуу, Орусия-Түркия ортосундагы чартердик каттамдардын башталышы сыяктуу эки тараптуу маселелер да каралды.

Эрдоган менен Путин, эки тараптуу карым-катнаштардын нормалдашуусуна, ошондой эле 9-августта Санкт-Петербургда жана Кытайдагы жолугушууларында макулдашылган темалардын ишке ашырылышына кубангандарын да сөз кылышты.



Тектеш кабарлар