Эрдоган учакта келатканда маанилүү маалыматтарды берди

Барак Обаманын Түркиядан Сириянын Ракка шаарынын террордон тазаланышы темасында кызматташууну талап кылганы белгилүү болду.

566838
Эрдоган учакта келатканда маанилүү маалыматтарды берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманын Түркиядан Сириянын Ракка шаарынын террордон тазаланышы темасында кызматташууну талап кылганы айтты.

Эрдоган Кытайдагы Чоң жыйырмалык саммитинен кийин кайтып бара жатканда, учакта журналисттерге маалымат берди.

Ракканын АКШ менен сүйлөшүлгөн темалардан бири болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Аскердик кызматкерлердин байланышып турушуна чечим чыгардык. Эмнелер жасалса боло турганы, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында такталат. Бирок биз мындан ары аймакта бар экенибизди көрсөтүүгө аргасызбыз. Эгерде кетенчиктей турган болсок ал жерлерге ДЕАШ, ПКК,ПЙД,ЙПГ сыяктуу террор уюмдары жайгашат»,-деди.

Ушул сыяктуу коркунучтар Иракта да бар экенин белгилеген президент, ыктымалдуу кыймылдын белгисин берип: «Ал жерде ПКК өзүнө орун табууга аракет кылууда. Мусул жана түндүгүндө Телаферде түркмөндөр бар. Эртең ал жерде эмне боло турганы белгисиз»,-деди.

ДЕАШ, ПКК,ПЙД,ЙПГ,ФЕТӨ деп олтуруп түрк армиясына көп сандаган фронт ачылганын күн тартипке алып чыккандар бар экенин эске салган Эрдоган, түрк армиясынын Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен мурдагыга караганда күчтүү жана көңүлдүү болгонун айтты.

Түркиянын коопсуздук күчтөрүнүн ушул фронттордун бардыгы менен керектүү күрөштү жүргүзө турганчалык күчтүү жана чечкиндүү экенин белгилеген Эрдоган: «15-июль процессине байланыштуу камоолор болду, бирок амиябыз дагы күчтүү абалга келди. Эң жок дегенде аскерлерибизге ишеним келди. Жераблус операциясы чечкиндүүлүгүбүздүн эң маанилүү көрүнүшү эле. Муну да ийгиликтүү түрдө атайын күчтөрүбүз жана калган аскердик бөлүктөрүбүз аткарды»,-деди.

Президент Эрдоган Чоң жыйырмалык саммитинде ФЕТӨнүн корбашчысынын кайтарлышын да карагандарын айтты.

Анкарада АКШнын вице-президенти Жо Байден, Кытайда да Обама менен бул теманы кеңири сүйлөшкөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Аларга мындай дедим; «Бул адам 400 дөнүмдүк аянттагы кан сарайында дагы эле жолугушууларун улантууда. Маек берүүдө». Өлкөлөрүбүздүн ортосунда кылмышкерлердин кайтарылышы боюнча келишим бар. 10-беренеде соттун чечими чыкканга чейин ФЕТӨнүн корбашчысынын камакта кармалышы керектиги белгиленген. Же муну бизге кайтарып бергиле, же сиз камакка алгыла»,-деп айтты.

Саммитте Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон жолугушууга да токтолгон президент Эрдоган, канцлердин мамилесин карап чыккандарын белгилеп визасыз режим темасынын ушул жылдын ичинде бүтүрүлө турганын ойлогонун айтты.

Президент немис басма сөзүндө орун алган, «Эрдоган Меркелди тизелетти» деген сыяктуу темаларга каршылык көрсөтүп: «Андай айтымдарды жараштырбаймын. Менин тизелетүүгө муктаждыгым болбогону сыяктуу эле, Меркелдин да тизелөө муктаждыгы жок. Өздөрүнүн канцлери туурасында ушундай жаман нерселерди жазышууда. Чындыгында өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүшүүдө»-деди.

 

 



Тектеш кабарлар