Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүздү
Түрк аба күчтөрүнүн операцияларында бир канча белгиленген буталар таамай атылды.
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө жикчил террор уюму ПККга таандык 12 бутаны атты.
Кечээ саат 22:48ден 22:55ке чейин Метина аймагына абадан кыймыл уюштурулду.
Бир чалгындоонун артынан жүргүзүлгөн аба операциясында 4 бута таамай атылды.
Экинчи операция саат 22:29дан 00:53кө чейин уланып, Хакурк аймагындагы террор уюктарына жүргүзүлдү.
Бул аймакта да 8 бута таамай атылды.
Башкы штаб төрагалыгы, Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагына мурда күнү болгон аба кыймылында арасында жикчил террор уюму ПККнын лидер кадры да орун алган 30 террористтин жок кылынганын жарыялаган.
Анда Аба күчтөрүнө таандык учактар тарабынан Гара аймагында белгиленген эки бута бомбаланып жок кылынганы белгиленген.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.