«Түрк агымы» долбоору жаңыланууда

Түрк агымы долбоору үчүн мурда бекитилген бардык уруксаттардын жаңылануусу сүйлөшүлүп жатат.

566023
«Түрк агымы» долбоору жаңыланууда

Орус энергетика компаниясы Газпром «Түрк агымы» долбоору үчүн берилген уруксаттардын жаңылануусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирди.

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Түрк агымы» долбоорунун Орусиядан Түркияга деңиздин астынан кеткен газ кууру катары долбоорлонгону сөз кылынды.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер: «Түрк агымы долбоору үчүн мурда бекитилген бардык уруксаттардын жаңылануусу сүйлөшүлүп жатат. Түрк тарап «Түрк агымы» долбоору аркылуу Түркия-Греция чек арасында Европага газ жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар