Президент Эрдоган Кытайдан кайтып келди

Президент Эрдоган Кытай Эл Республикасынан кетээр алдында маалымат жыйын өткөрүп көптөгөн маалыматтарды бере кетти.

566103
Президент Эрдоган Кытайдан кайтып келди
cumhurbaşkanı yurda döndü1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытай Эл Республикасынын Ганжоу шаарында өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагындагы жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтты.

Президент Эрдоганды Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда ички иштер министри Сулейман Сойлу, Анкаранын губернатору Мехмет Кылычлар, Анкаранын коопсуздук директору Махмут Караарслан менен калган жооптуу кызматтагылар болуп тосуп алышты.

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, вице-премьер Мехмет Шимшек, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан да Түркияга келишти.

Президент Эрдоган Кытай Эл Республикасынан кетээр алдында маалымат жыйын өткөрдү.

Анда, Сирияда коопсуз аймак түзүлүшү боюнча альтернативасын мындан мурда бир топ жолу сунуштаганын белгилеген Эрдоган, эч бир өлкөнүн бул темада так кадам таштабаганын, жаңы өлкөлөрдүн да аянтка чыгышы менен Сирия кризисинин дагы курч абалда болгонун белгилеп кетти.

Качкындар маселеси темасында жакшы сынактан өтүлө электигин баса белгилеген Президент, 3 миллион сириялык жана ирактыкты кучагына алган Түркиянын бул тармакта жарандык коомдук уюмдар менен бирге 25 миллиард доллардан ашуун каржылоо жасаганын түшүндүрдү.

Терроризмдин болсо башкача формага өтүп бүткүл дүйнөнү коркунучка салганын айткан Эрдоган, Түркияда 15-июлда болгон төңкөрүш аракетин да Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичине кирип кеткен бир топ жасаганын, мунун болсо террордун жаңы формасы болгонун баса белгиледи.

Ошол түнү телеканалдардан кайрылып элди аянттарга чыгууга чакырганын, эл болсо аянттарга чыгып террористтердин колундагы F-16 учактар жана танкалардан коркпостон аларга каршы туруштук бергенин түшүндүргөн Президент, мунун аты демократия күрөшү болгонун баса белгиледи.

Эрдоган бул террористтер мүчөсү болгон Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн 170 өлкөдө дагы таасирдүү экенин белгилеп: «Бул өлкөлөрдүн бардыгын эскертемин, кайдыгер болбоого чакырамын. Ошондой эле апаат сиздин да башыңызга түшүшү мүмкүн»,-деди.

ДЕАШ, ПКК, ПЙД, ЙПГны өз өзүнчө караган түшүнүктүн  ташталышы керектигин баса белгилеген Президент: «Террористтин жакшысы жаманы болбойт. Булардын арасында айырмачылык кылынса бумеранг сыяктуу бурулуп келип ошол өлкөнү урат»,-деди.

Бул уюмдар менен күрөшүүдө Түркиянын чечкиндүүлүгүнө токтолгон Эрдоган, Сирияда 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылынын максатынын да бул экенин, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө доо кетирүү болбой турганын баса белгиледи.

Саммит убагында глобалдык өсүүнүн узун мөөнөттө туруктуулугун камсыздоо үчүн иштер актарылганын түшүндүргөн Эрдоган, Түркиянын бул саммитте өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүп бара жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдү да камтыган өнүгүү түшүнүгү менен кыймыл кылынышы керектигин баса белгиледи.

Түркия катары глобалдык соодадагы өсүүнүн күчтөндүрүлүшүнүн маанисин да алдыңкы планга чыгаргандарын түшүндүргөн Эрдоган, бул тармактагы рецессиянын жолу ачылышы шарт экенин айтты.

Президент Эрдоган: «Ошондуктан чоң көлөмүн өзүндө чогулткан өлкөлөрдүн кезек жүк бөлүшүүгө келгенде жоопкерчиликтен качуулары кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Президент саммит убагында 3-4-5-сентябрь күндөрүндөгү эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды да түшүндүрүп, бардыгынын тең оң атмосферада баратканын белгиледи.

Президент Эрдоган Кытайда Чоң жыйырмалыктын саммитинде мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине да түрк жана англис тилдеринде даярдалган Чоң жыйырмалыктын Анталья саммти китебин белек кылды.

Чет элдик лидерлерге белек кылынган 360 беттик китепте саммиттин декларациялары менен катар катышуучу өлкөлөр жана Анталья жөнүндөгү маалыматтар менен фотосүрөттөр бар.

Президент Эрдоган Кытайда жолугушкан чет элдик лидерлерге Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ/ПЙД) 15-июлдагы төңкөрүш аракети менен уюм тууралуу маалымат жана көз караштарды камтыган пакет берди.

ФЕТӨ/ПЙДнин 15-июль процесси жөнүндө дезинформация аракеттерине каршы даярдалган пакетте төңкөрүшчүлөрдүн кылмыштарын көрсөткөн фотосүрөт жана көрүнүштөр, ошондой эле хронологиялык маалыматтар бар.



Тектеш кабарлар