Түрк куралдуу күчтөрү Жераблуста күчүн көрсөттү

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, 30-Август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн күнү боюнча өз билдирүүсүн жарыялады.

562033
Түрк куралдуу күчтөрү Жераблуста күчүн көрсөттү

Башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар, Жераблуска карай «Эвфрат калканы» кыймылында Түрк куралдуу күчтөрүнүн күчү азайбаганын көрсөткөнүн айтты.

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, 30-Август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн күнү боюнча өз билдирүүсүн жарыялады.

Армия генералы Акар анда Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетин эске салды.

Акар: «Түрк куралдуу күчтөрү эч күчүн жоготпогонун, ичиндеги чыккынчылар тазаланган сайын дагы да күчтүү боло турганын көрсөтүүдө. Белгилүү болгондой бул жаман окуяга аянтта жана сотто тайманбастан берилген жооп, чыккынчы бир канча максаттары болгондор үчүн сабак алуучу себеп катары тарыхтагы ордун алат»,-деди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн улутунун буйругун жана кызматын аткарып жатканын белгилеген Акар, мыйзамдуу иерархиянын тышында эч бир киши жана түзүлүштүн таасири сөз болбой турганын да белгиледи.



Тектеш кабарлар