Түрк куралдуу күчтөрү Жераблустун айланасындагы операцияларын улантууда

Жераблуста 10, Раи аймагында болсо 3 айыл тазаланып Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүнө өттү.

561361
Түрк куралдуу күчтөрү Жераблустун айланасындагы  операцияларын улантууда

Сириянын Жераблус аймагында жүргүзүлгөн жана 6 күн болгон «Эвфрат калканы» кыймылында террор уюму ПКК/ПЙДнын 25 мүчөсү жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү Жераблустагы кыймыл тууралуу маалымат берди.

Анда Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясы тарабынан Жераблус аймагында жүргүзүлгөн «Эвфрат калканы» кыймылын колдоого алган топторго ок атканы белгиленген террорист топторго карай коалициялык алкакта жүргүзүлгөн аба кыймылынын жыйынтыгында ПКК/ПЙДнын мүчөсү 25 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Аба кыймылында террорист топтор тарабынан колдонулганы белгиленген 5 имарат да атылды.

Бир тараптан Жераблуста 10, Раи аймагында болсо 3 айыл тазаланып Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүнө өттү.

Премьер-министрликтин координация борборунун бул темага байланыштуу жазуу түрүндөгү жарыясында террор уюму ДЕАШ баштаган Сириядагы террордук уюмдардын Түркияга багытталган коркунучтарынын эл аралык укуктун негизинде мыйзамдуу күрөшүү укугунун алкагында жок кылынышы, чек ара аймагынын террорист топтордон тазаланышы, террор уюмдарынын текшерүүсү астындагы аймактарда жашап жаткан муктаждык ээлерине гуманитардык жардамдардын жеткирилиши жана ДЕАШ менен күрөшүүдө эл аралык коалицияга колдоо көрсөтүлүшү максатында Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24-августта таңга маал баштаган «Эвфрат калканы» операциясы уланганы белгиленди.

Кыймылдын алкагында Эркин Сирия армиясынын батыш жана түштүк багытты көздөй илгерилешин улантканын баса белгилеген ачыктоодо: «Жераблус аймагында Америна, Айн Эл Бадия, Дабис, Балабан, Сурайсат, Жебел Кусса, Кырк Магара, Кырата, Төмөнкү Америна жана Эз Захириях айылдары жана Раи аймагында Аййаше, Шейх Якуп жана Керсанлы айылдары террорист топторунан тазаланып, Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүнө өттү»,-делди.

Анда кыймылдын алкагында чек аранын айланасындагы террордук элементтердин тазаланышы жана аймакка гуманитардык жардам жеткирилишинин улантылганы белгиленди.

Премьер-министрликтин координация борбору «Эвфрат калканы» кыймылы убагында жарандарга ок атылганы жөнүндөгү айтымдар төгүнгө чыгарылып, Түрк куралдуу күчтөрү бул темада жогорку сезимталдуулукту көрсөткөнү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар