Эрдоган менен Путиндин пресс - жыйынына орус басма сөзү кенен орун берди

Тасс кабар агенттиги пресс – жыйын тууралуу кенен түрдө берген кабарынын темасына Эрдогандын Путин үчүн  «Досум Владимир» деп айткан сөзүн колдонгон

549146
Эрдоган менен Путиндин пресс - жыйынына орус басма сөзү кенен орун берди

Президент Р. Т. Эрдогандын Орусиянын президенти В. Путин менен Санкт Петербургда жолугуша баштагандан баштап орус телекөрсөтүүлөрү, агенттиктер жана кабар сайттары өткөрүлгөн орток пресс – жыйындан кийин да Эрдоган менен Путиндин сөздөрүнө кенен түрдө орун берди.

Тасс кабар агенттиги пресс – жыйын тууралуу кенен түрдө берген кабарынын темасына Эрдогандын Путин үчүн  «Досум Владимир» деп айткан сөзүн колдонгон.

Интерфакс кабар агенттиги Эрдогандын  Путинди «досум» деп мүнөздөгөндүгүн алдыңкы планга чыгарып, карым – катнаштардын калыбына келүү потенциалын белгиледи.

Риа биргелешкен пресс жыйындан кийин кабарын «Түрк агымы, чартердик каттам жана Сирия: Путин менен Эрдоган  орток максаттарын билдирди» деген тема менен берди.

«Комсомольская правданын» интертен сайтындагы кабарда Путин менен Эрдогандын карым – катнаштарды жаңылоону каалагандыгы билдирилди.

«Российская газета» биргелешкен пресс – жыйын бүткөндөн кийин кабарын «Путин Эрдоган менен жолугушуу жана сүйлөшүүнү маанилүү деп мүнөздөдү» деген темада окурмандары менен бөлүшкөн.

«Спутник» Эрдоган жана Путиндин жолугушуусун «Санкт Петербургда тарыхый жыйын» деп берген.  Орус мамлекеттик телекөрсөтүүсү Россия 24 болсо жолугушуудан мурда жана кийинки кабалдарды түз эфирден коомчулукка билдирип турду.



Тектеш кабарлар