Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин жаңы саясий макулдашуу

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын «Daily Sabah» гезити үчүн макала жазды

544289
Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин жаңы саясий макулдашуу

Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин жаңы саясий макулдашуу

 Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын «Daily Sabah» гезити үчүн жазган «Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин жаңы саясий макулдашуу» баш сөздүү макаласында Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин Түркиянын тарыхына караңгы түн катары катталгандыгын баса белгиледи.

Түрк элинин тайманбастыгы жана эрктүүлүгүнүн негизинде караңгы түндүн ордуна жарык күндү калтыргандыгын сөз кылган Калын, төңкөрүш аракетинен кийин түрк демократиясынын структуралык күчү үчүн өтө маанилүү болгон коомдук жана саясий макулдашуунун түзүлгөндүгүнө көңүл бурду.

Калын: «Бул макулдашуу, бардык ички жана тышкы коркунучтарга каршы демократия, эркиндик жана укуктун үстөмдүгүнүн жакталышына байланыштуу. 15-июль түнү коомчулуктун ар кайсы катмарларынан жана ар кайсы саясий чөйрөлөрдөн миллиондогон киши ФЕТӨчулардын төңкөрүш аракетин токтотуу үчүн көчөлөргө чыкты. Бардык саясий партиялар принциптүү мамиле кылды. 25-июлда президент Режеп Тайип Эрдоган төңкөрүш аракетин жана андан кийинки процессти талкуулоо үчүн оппозициядагы Республикачыл Элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен сүйлөшүү өткөрдү. 26-июлда Кылычдароглу төңкөрүш аракетинин артындагы Фетуллах Гүлендин Түркияга тапшырылышы керектигин билдирди. Бахчели жана берки жетекчилер да Кылычдароглунун чакырыгын кайталады. Элибиздин көпчүлүк бөлүгү, саясий партиялар жана ар башка саясий көз караштарга ээ болгон бейөкмөт уюмдар да Гүлендин өткөрүп берилиши талабын колдошту»,-деп жазды.

«АКШнын Гүлендин тапшырылышы темасында Анкара менен кызматташаарына ишенебиз»

Бул макулдашууну көз жаздымда калтыруунун АКШ жана Европа үчүн чоң жаңылыштык болоорун баяндаган Калын: «Түрк элинин чоң бөлүгү АКШнын, Американын мыйзамдуу системасын өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышына мүмкүнчүлүк таанып Гүленди баш калкалатканын ойлоп жатат. АКШнын Гүлендин тапшырылышы темасында Анкара менен кызматташаарына ишенебиз. Гүлен Түркия үчүн улуттук коопсуздук коркунучу болгону сыяктуу АКШ үчүн да коркунучтуу кылмышкер. АКШда ансыз деле Гүлендин мектептери, мыйзамсыз виза жасатуу жана паракорлукка байланыштуу териштирүү баштаткан абалда. Гүлендин Американын системасын ар түрдүү колдонушуна уруксат берилсе, көптөгөн адам муну Гүленге колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын ойлойт, бул да жалгыз гана Түркиядагы АКШга каршы сезимдерди козгойт»,- деп сереп салды.

«Айрымдары төңкөрүш аракетин биз жасаган сыяктуу бизди күнөөлөгөнгө чейин барып жатышат»

Калын макаласында далил талап кылгандар үчүн 15-июлдан кийин кармалган ФЕТӨчулардын сөздөрүн мындайча тизмеледи: «Башкы штабдын төрагасы Хулиси Акар прокурорлорго өзүн барымтага алгандардан генерал Хакан Эвримдин төңкөрүш аракетине байланыштуу пикирин өзгөртүү максатында өзүн Гүлен менен сүйлөшүүнү сунуш кылганын айтты.

Акардын жардамчы полковниги Левент Түрккан, прокурорлорго ФЕТӨнүн мүчөсү экенин айтты. Түрккан уюмдун ичиндеги базасы болгон агасынан буйрук алгандыгын мойнуна алды. Түрккан сөзүндө төңкөрүш аракети боюнча бир күн мурда 14-июлда кабардар болгонун жана уюмдун ичинде жашыруун жана кылдат иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Стамбулдагы 2-Зооттолгон биригаданын командири генерал польковник Өзкан Айдогду көпүрөлөргө танкаларды жана бөлүктөрдү өзү жөнөткөнүн белгилеп: «Буйруктарга баш ийүү үчүн даярдалдым жана буйруктарды аткарууга аракет кылдым. Мыйзамдуу экенин ойлоп буйруктарды орундаттым»,-деди.

 Мурдагы Чалгындоо штабынын төрага орун басары Гүрсел Актепе, Гүлендин маалыматы жана буйруктары болбостон төңкөрүш жасоонун мүмкүн эместигин айтты. Актепе, прокурорлорго «Танго аттуу бир ишке ашыруу аркылуу маалыматтарды алдык. Анда булар жазылган: Төңкөрүш жасалат.Ар ким колдоо көрсөтүшү керек, мурдагы иштеген жерлериңерге жакын болгула жана генерал Мехмет менен байланышта болгула»,-деди.

Көпчүлүк европалык жана америкалыктардын 15-июлда болгондордун мааниси менен күчүн жана түрк калкынын ФЕТӨнүн төңкөрүшүнө каршы кандай эрдик менен согушканын толук түшүнө албаганын белгилеген Калын: «ЕБнин жооптуу кызматкерлеринин ФЕТӨнүн мүчөлөрүнө каршы күрөшүүсүндө Түркияга колдоо көрсөтүүнүн ордуна демократия жана укуктун үстөмдүгү темасында насаат айтуу менен алектенишүүдө. Айрымдары, төңкөрүштү биз кылгансып, бизди күнөөлөгөнгө чейин барышууда», деп жазды.

«Батыш өлкөлөрү, төңкөрүшчүлөр туурасында кандайдыр бир нерсе айтуудан тартынышты»

Калын: «Түркиянын батыштык шериктештеринин бир топ карапайым жарандан ажырашыбызга себепчи болгон төңкөрүштүн олуттуулугун, демократиябызга багытталган  абдан чоң коркунучтун кантип четке кагылганын маанисиз сыяктуу көрсөткөндөрү боюнча кеңири таң калуу жана көңүл калуусу бар. Батыштык өлкөлөр, төңкөрүштү айыптады, бирок төңкөрүшчүлөр туурасында кандайдыр бир нерсе айтуудан тартынышты. Эч бир Европа Биримдиги өлкөсүнүн мамлекет башчысы, министри же жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматкеринин 15-июлдан бери Түркияга келбей турушу уят нерсе», деген көз карашын жактады.

ФЕТӨнүн түрк мамлекетинин ичине киришинин чоң зыян жана ыраатсыздыкка себепчи болгон 15-июлдагы төңкөрүш аракети менен жыйынтыкталганына токтолгон Калын, ФЕТӨнүн кудум эле ПКК сыяктуу Европа жана АКШдагы мыйзамдуу жана саясий системаны өздөрүн коргош үчүн колдонгонуна көңүл бурду. Калын: «Бул токтотулушу керек. Адамдар, эми мунун бүтүрүлүшүн талап кылып, адилеттик каалайт» деген сөздөрдү жазды.

«88 миң кишилик Чыгыш Германия армиясындагы бардык генерал жана адмиралдар кубаланды»

Калын, макаласында буларга токтолду: «Гүленчилердин, мамлекеттик мекемелерден чыгарылышы, 1990-жылы Чыгыш жана Батыш Германиянын биригүүсү убагындагы атактуу «Einigungsvertrag» (Биригүү келишими) процессинен абдан көп айырмаланган нерсе эмес. Бул келишим аркылуу орто эсеп менен 500 миң чыгыш германиялык кызматкер кызматынан бошотулду же четтетилди. 6 айдан кийин бул кызматкерлердин көбү, жумуштарынан чыгарылды. Бириккенден көп өтпөй 88 миң кишилик Чыгыш Германия армиясындагы бардык генералдар жана адмиралдар кубаланды. Аз сандагы гана төмөнкү даражалуу аскердин, жаңы Германия армиясына кошулуусуна уруксат берилди. Кызматкер жана аскерлерге кошумча бир топ академик, мугалим, дипломат жана журналисттин да Германия мамлекети тарабынан Чыгыш Германиядагы мурдагы режим менен байланышы болгону себеби менен кызматынан четтетилди.

Немис жооптуу кызматкерлер, бул күтүлбөгөн чараларды Бириккен Германияга жумшак өтүүнү камсыздоо үчүн көрүштү. Түркия, жаңы эле кандуу төңкөрүш аракетин башынан өткөрдү жана ушул убакта төңкөрүштүн өлүмчүл таасирлеринен кутулууга аракет кылууда. Түркияда демократияга чындап эле маани бергендер, өлкөнүн төңкөрүшчүл жана Гүлен жамаатынын мүчөлөрүнө карата жүргүзгөн күрөшүн колдоого алышы керек. 15-июлдагы төңкөрүш аракети жана ФЕТӨнүн мындагы ролуна каршы өлкөнүн жалпысында пайда болгон макулдашуу, Түркия демократиясы үчүн күч жана дем-күч булагы болот».

Өкмөттүн оппозициядагы партиялар менен макулдашып, келечекте төңкөрүш аракеттерине бөгөт болуш үчүн жаңы структуралык реформаларды жасай турганын белгилеген Калын: «Бул чара көрүүлөр, ачыктык жана жооп бере алуучулук принциптеринин Түркияда башкаруу жана демократиянын негизги принциптери болушун камсыздайт. Бул 15-июлдагы төңкөрүш аракети сыяктуу кылмыштардын экинчи жасалбашы үчүн мамлекет жана армияга ишеним берүүнүн жолу болуп саналат»,деп жазды.



Тектеш кабарлар