Генералдар менен адмиралдар камоого алынды

Камоого алынган козголоңчулардын бир бөлүгүнүн териштирүүсү улантылып, бир бөлүгү сотко өткөрүлдү

532631
Генералдар менен адмиралдар камоого алынды

 Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июль жума күнү кечинде болгон козголоңдон кийин жалпы өлкөдө 118 генерал жана адмирал камоого алынды. Камоого алынган козголоңчулардын бир бөлүгүнүн териштирүүсү улантылып, бир бөлүгү сотко өткөрүлдү.

2 -  армиянын командири, армиянын генералы Адем Худути, 2 -  армия штабынын башчысы, гарнизондун башчысы, генерал – майор Авни Ангун, 7 -  негизги реактив базасынын командири генерал Эмин Айык менен 2 -  армиянын штаб башкаруучусунун орун басары генерал Мустафа Сердар Севгили прокуратурадагы тергөөдөн кийин чакырылган сот тарабынан камоого алынды. Коопсуздук күчтөрү камоо чечимин чыгарган кишилерди кармоо улантылууда.



Тектеш кабарлар