Түркия террордон баш калкалоочуларга чейин оор жүктү көтөрүүдө

Президент Эрдоган жоопкерчилик жана жүк бөлүшүү темаларын кайрадан эске салды.

526682
Түркия террордон баш калкалоочуларга чейин оор жүктү көтөрүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТО Саммитинин алкагында атайын токтолгон маанилүү темаларынын башында террор менен күрөшүү жана Сириядагы согуштан келип чыккан Түркияга багытталган коркунучтардын азайтылышына карата көрүлө турган чаралар орун алды.

Президент Эрдоган, жоопкерчилик жана жүк бөлүшүү темаларын кайра сөз кылып жатканда, Түркиянын Сириядагы согуштун соңуна чыгарылышы, баш калкалоочулар кризисинин чечилиши, ДЕАШ жана буга окшогон террор уюмдарына карай таасирдүү күрөш жүргүзүүгө карата НАТОго мүчө жана башка өнөктөш өлкөлөрдөн күтүүлөрүн баса белгиледи.

Айрыкча террор уюму ПККнын теракттары да күчтүү түрдө сөз кылынып, ПКК коркунучу менен күрөшүүнүн террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү сыяктуу маанилүү болгону баса белгиленди. Террор уюму ПККнын Сириядагы уландыларынын Түркия жана Сирия жагынан алып келген коопсуздук коркунучтары да баса белгиленип, бул террор уюмдарынын жана коркунучтарына каршы биргелешип күрөшүү темасында мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүн кантип арттыра тургандары сүйлөшүлдү.

Президент Эрдоган саммит убагында бир топ эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

Эрдогандын Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен жолугушуусунда Англиядагы референдумда чыгарылган Европа Биримдигинен чыгуу чечими да каралды. Англис калкы тарабынан чыгарылган чечимди урматтагандарын айткан Эрдоган, бул чечимге капа болгондорун да сөз кылынды.

Эрдогандын Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуусунда да Германия парламентинде кабыл алынган армян долбооруна Түркиянын таарынычын кайталады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, президент Эрдоган менен болгон кыска жолугушуусунда Түркиянын сезимталдыктарын билгендерин жана шериктештердин Түркиянын коргонуусуна дагы көп салым кошуусу темасында өзүнүн да керектүү демилгелерди көтөргөнүн сөз кылды.

Президент Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Барак Обама менен да аякта кыска жолугушуу өткөрдү. Эрдоган АКШда болгон окуяларга байланыштуу көңүл айтып, окуялардын күчөп кетпөөсүн тилегенин Обамага билдирди.

Саммитте бир топ лидер НАТОнун түштүк канатын коргогон Түркиянын террордон баш калкалоочулар маселесине чейин оор жүктү көтөрүп жатканын айтышты.



Тектеш кабарлар